MegaCom 4G LTE технологиясы Ысык-Көл жана Чүй облустарынын бир катар айылдарында
MegaCom 4G LTE түйүнүн өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын жалпы аймагында жеткиликтүүлүктү камсыздоого басым жасап келет. Өткөн айда алдыңкы мобилдик оператордун мобилдик интернетине Ысык-Көл жана Чүй облустарынын 14 айылы кошулду:
Ысык-Көл облусу боюнча: Кызыл-Адыр а., Кош-Көл а., Кызыл-Суу а., Жол-Колот а., Ак-Кочкор а., Жети - Өгүз а., Тамчы а., Кызыл-Өрүк а., Тору-Айгыр а., Семеновка айылы.
Чүй облусу боюнча: Бирдик а., Гроздь а., Буденовка а., Кеңеш айылы.
MegaCom 4G LTE түйүнүнө кошулууда мобилдик телефонуңуз жана SIM-картаңыз LTE форматын колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун териңиз. Системадан: «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылыңыз. Ал жерден эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез!