Перейти на новый сайт
MegaCom Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында Сатуу жана тейлөө борборлорунун эшигин ачты

MegaCom Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында Сатуу жана тейлөө борборлорунун эшигин ачты

Алдыңкы мобилдик оператору Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында Сатуу жана тейлөө борборлорун ачкандыгы тууралуу кубануу менен билдирет. Жаркыраган жана кенен кеңселерге кайрылган MegaCom абоненттери SIM-карта сатып алып, каттоодон өткөрүп, мобилдик түйүнгө кошулуп, бардык тарифтик пландар жана опциялар тууралуу маалымат алып, сүйлөшүү үчүн төлөм жүргүзүп жана кызыктырган суроолору боюнча MegaCom консультанттарына кайрыла алышат.

Ачылуу аземине карата 2017-жылдын 5-сетябрынан тарта 25-сентябрына чейин жаңыдан ачылган Сатуу жана тейлөө борборлорунан балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер, автоматтык түрдө майрамдык акцияга катышат жана түйүн ичиндеги акысыз 30 мүнөт сүйлөшүү жана 70 SMS билдирүүгө чейин алышы мүмкүн. Бонустар калдыгын *505# чакыруу буруусу аркылуу текшерүү мүмкүн.

Жаңы ачылган Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери:

  • Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Ленин көч., 36б, «Нооруз» соода борборунун борбордук өтмөгү. Иш убактысы саат 9:00дөн 19:00гө чейин;
  • Ош облусу, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көч., 62а, «Өзгөн-Ордо» соода борборунун борбордук өтмөгү. Иш убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

MegaCom – жогорку сапаттагы тейлөө жана абоненттерге кам көрүү.

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы