Перейти на новый сайт

MegaCom: Кытайдагы интернет роуминг – баарлашуунун жаңы мүмкүнчүлүгү!

MegaCom: Кытайдагы интернет роуминг – баарлашуунун жаңы мүмкүнчүлүгү!

 

MegaCom компаниясы Кытайдагы China Mobile ири мобилдик операторунун түйүнүндө көптөн күткөн 3G/GPRS роуминг кызматын ишке киргизди.

Байыркы тарыхы, бай маданияты жана кеңири туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен белгилүү болгон Кытай жергесине барган мекендештирибиздин саны жыл сайын өсүп келет. MegaCom абоненттери Кытайда болгон учурда, уюлдук байланыш кызматы жана роумингдеги SMS билдирүүдөн тышкары, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыз болушат. Эми саякатта болгон учурда дагы интернетти адаттагыдай тартипте колдонуп, электрондук каттарды жөнөтүү, социалдык түйүндөрдө баарлашуу жана жакындар менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгү мындан дагы жеңилдеди.

Чет өлкөгө сапар тартуунун алдында роуминг кызматын кошуп алууну эстен чыгарбаңыз. Бул үчүн компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызмат жетиштүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен таанышыңыз.

Интернет роумингде маалыматтарды жөнөтүү 3G/GPRS-роумингдин аракеттеги тарифтерине ылайык эсептелет. Тарифтер тууралуу толугураак маалыматты компаниянын megacom.kg расмий сайтындагы жайгашкан «Роуминг» бөлүмүнөн биле аласыз.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы