Перейти на новый сайт

MegaCom роуминги менен саякаттоо кызыктуу

MegaCom роуминги менен саякаттоо кызыктуу

 

Жай – бул эстен кеткис сезимдерди, кызыктуу көз ирмемдерди тартуулаган  саякаттар маалы. Бардыгыбыз дал ушул мезгилде эс алууну каалайт эмеспизби. ”Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи,  MegaCom жаңы өлкөлөргө барып эс алып, ажайып жерлерди көрүп келүүнү сунуштайт. Мега-түйүндүн абоненттери эс алуу үчүн эң көп тандаган  үч өлкө жана анда жеткиликтүү  роуминг кызматтары  тууралуу кыскача баяндайбыз:

  • Грузия – бул улуттук ашканасы, болуп көрбөгөндөй кооз жерлери, тарыхы, дүйнө жүзү боюнча бийик бааланган  шарабы менен атагы алыска тараган өлкө. Меймандостугуна күбө болуп, каада-салты,маданияты менен жакындан таанышууну каалагандардын көңүлүнө төп келет. Грузияда MegaCom абоненттерине  «Кийин төлөнүүчү  роуминг» кызматы жеткиликтүү жана сиздин номуруңузга  Кыргызстандан кирген чалуунун баарлашуу  мүнөтү болгону 25 гана сом.
  • Байыркы архитектурага  кызыккандардын  да саны арбын. Алар үчүн Чехия , айрыкча борбор шаары  Прага  өзгөчө эсте каларлык болмокчу. Бул шаарга мүнөздүү болгон көп сандаган тар көчөлөр,орто кылымдарга таандык болгон сепилдер, кызыктуу көңүл ачуучу программалар сиздерди күтөт. Алыскы Чехия өлкөсүндө жүргөн кезиңизде, жакындарыңызга  өзүңүз тууралуу SMS  аркылуу  билдирип турсаңыз  болот. Эсептешүүнүн кийин төлөнүүчү системасы боюнча бир билдирүүнүн наркы болгону 20 сомду (каалаган багыттар боюнча) түзөт. 
  • Түркияга сапарга аттанган саякатчылар Көгүш мечит, Топкапы хансарайы жана башка ажайып жайлар менен таанышмакчы.  Азия менен Европанын кошулган жеринде жайгашкан бул өлкө көз жоосун алган кооздугу жана салтка айланган даамдуу тамак-аштары менен саякатчыларды  өзүнө тартат.  Эң мыкты ашканадан даам сызып, эң кооз жерлерди кыдырып жүргөн кезиңизде жагымдуу сезимдериңиз жан-дүйнөңүзгө тынчтык бербей, таасирлериңиз менен бөлүшкүңүз келет эмеспи.  Мындай учурларда, Сиздин ишенимдүү жардамчыңыз MegaCom  GPRS/3G роуминги болмокчу. Кызматтын наркы Turkcell түйүнүндө 1 МБ үчүн 5 сом.

MegaCom абоненттеринин аалоолорун  эске алуу менен  роуминг-өнөктөштөрүнүн санын арбытып келет. Ал эми  айрым өлкөлөрдө каптоо аймагын кеңейтүү максатында бир нече операторлор менен макулдашуулар түзүлгөн.

Саякатка же ишкер сапарга чыгаардан  мурда, сизге жакын жерде жайгашкан  Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып, роумингди кошуп алыңыз. Кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн  тизмеси компаниянын расмий  сайтында жайгаштырылган.

MegaCom – чектөөсүз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы