Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын башкы директору Мамлекеттик мүлктү башкаруу  фондунун Коомдук кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

MegaCom компаниясынын башкы директору Мамлекеттик мүлктү башкаруу  фондунун Коомдук кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

Кечээ КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун  алдындагы Коомдук кеңеш 2015-2016-жылдарда жүргүзгөн ишмердигинин  жыйынтыгы боюнча акционердик коомдордун жетекчилерине ардак грамоталарын тапшырды.  Рейтинг мамлекеттик компаниялардын кирешелүүлүгүн  жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлүп, Азат Базаркулов жетектеген MegaCom компаниясы мыктылардын сап башында болду.

Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагындагы ири салык төлөөчү болуу менен уюлдук оператор жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келүүдө. Бул жетекчиликтин мыктылыгынан кабар берип турат десек жаңылышпайбыз. Акциялары 100  пайыз мамлекеттин карамагында болгон  компания  иштелип табылган ар бир сомдун эсебинен бюджетти толуктап келет. Демек, MegaCom уюлдук операторун тандоо менен мекендештерибиз сапаттуу жана заманбап баарлашуу каражатын  гана колдонбостон , өлкөбүздүн өнүгүүсүнө    өз салымын  кошо алат. Бүгүнкү күндө компания:

  • КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ISO 9001:2015 версиясындагы сапаттык менеджмент системасынын тастыктамасынан өткөн;
  • Сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык Сыйлыгынын  дипломунун ээси ;  
  • БУУ эгидасынын алдындагы Эл аралык электр байланыш уюмунун курамына кирген алгачкы жана бирден-бир уюлдук оператор болуп саналат.

Мобилдик түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүүгө, техникалык жактан өнүктүрүүгө жана оптималдоого басым жасоо менен, MegaCom абоненттерин жогорку сапаттагы мобилдик байланыш жана ыкчам Интернет менен камсыз кылып, алар үчүн Кыргызстандын кайсы жеринде гана болбосун байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түзө алды.

MegaComишенимдүү мобилдик оператор

Сунушталган кызматтар

  • «Роуминг»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы