Перейти на новый сайт

MegaCom – ISO 9001 бешинчи редакциясындагы сапаттын эл аралык стандарттары боюнча иш алып барган КМШ өлкөлөрүндөгү бирден-бир уюлдук оператор.

MegaCom – ISO 9001 бешинчи редакциясындагы сапаттын эл аралык стандарттары боюнча иш алып барган КМШ өлкөлөрүндөгү бирден-бир уюлдук оператор.

Бул тууралуу дүйнө жүзүнө белгилүү болгон TÜV Thüringen немец компаниясынын башкы аудитору Ильдар Инелеев айтып берди. Эксперт азыркы учурда Кыргызстанда жана MegaCom компаниясынын байкоо жүргүзүү аудитин өткөрүп жатат.

«Республикада 20дан ашпаган ишкана ISO 9001 стандартын колдонууга алган. Бирок көбүнчөсү 2008-ж. стандартынын төртүнчү редакциясы менен иш алып барат. MegaCom жаңы бешинчи редакцияны Кыргызстанда иш жүзүнө ашыра алган бирден-бир компания болуп эсептелет. Бул, MegaCom компаниясынын өзүнүн процесстерин стандарттын жаңы талаптарына шайкеш келгендей кылып тез арада түзүп чыга алгандыгы тууралуу кабар берет. Анткени компания өз ишин туруктуу жана жигердүү алып барат жана өнүгүү жолуна карай ишенимдүү кадам таштап келет. Жаңы стандартка өтүү уюмдун түзүлүшүнө, иш кагаздар менен иш алып баруу тартибине бир кыйла өзгөртүүлөрдүн киргизилишин шарттайт. Балким, тез арада бизнес-процесстерди кайрадан түзүү керектелет, муну бардык эле уюмдар ишке ашыра албашы мүмкүн. Бул жагынан MegaCom баарынан мыктылыгы менен айырмаланат. Белгилүү бир убакыттан кийин жаңы стандарттар боюнча иш алып барган фирмалардын саны арбышынан күмөн санабайм. Бирок биринчи компания ар дайым биринчи бойдон кала берет. TÜV Thüringen компаниясы КМШ өлкөлөр арасында көп сандагы аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзөт. Биз MegaCom компаниясын дайыма наркты жана көрсөтүлчү кызматты мыкты айкалыштырган мисал катары айтып жүрөбүз. Уюлдук оператор үчүн негизги баалуулук бул анын абоненттери экендигин эске алуу менен, аудиторлор компаниянын кардарларга болгон жогорку деңгээлдеги мамилесин ар дайым белгилешет» - деп белгилей кетти Ильдар Инелеев.

Белгилей кетсек, TÜV Thüringen ISO 9001 стандарты боюнча тастыктоо жүргүзүүчү беделдүү органдардын бири болуп саналат, анын сертификаттары дүйнө жүзү боюнча коммерциялык компаниялар тарабынан таанылат.

MegaCom жогорку деңгээлдеги тейлөөнү, сапаттуу кызматтарды жана ишенимдүү байланышты, ачык жана үнөмдүү тарифтөөнү сунуштайт. Компания түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү, техникалык өнүктүрүү боюнча иштерин байма-бай жүргүзүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon