Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан салынган айып тууралуу

MegaCom  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан салынган айып тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан  MegaCom жана Beeline операторлоруна  58 млн сом өлчөмүндөгү айыптын салынышы тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу төмөндөгүнү маалымдайбыз:

Административдик иш козголгондон тарта «Альфа Телеком» ЖАК, өз кезегинде,  маалымат берүүгө толугу менен даяр жана ачык болгон. Агенттиктин кызматкерлери менен болгон териштирүүнүн жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери коюлган айыпты далилдеген  негиздемелерди жана далилдерди келтирген эмес.  Компаниянын  өкүлдөрү өзүлөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жооп ала алышкан эмес. Андан кийин административдик айып салынып, бул тууралуу сот органдарына даттануу менен кайрылганбыз.

Аталган агенттик тарабынан, «Альфа Телеком» ЖАКка олуттуу укук бузуу үчүн айып салынгандыгы тууралуу чечимдин  шашылыш түрдө кабыл алынгандыгы, далилсиз маалыматтын коомчулукка алдын ала жайылуусу, MegaCom компаниясынын ишмердиги боюнча күмөн саноону гана пайда кылбастан,  мыйзамдуулук, кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк принциптерине таянуу менен иш  жүргүзүп келе жаткан мамлекеттик органдын беделине дагы шек келтире тургандыгы бышык.

Монополияга каршы кызматтын күчү менен салынган 58 млн өлчөмүндөгү айыптын эсебинен республикалык бюджетти толуктоо тууралуу билдирүүлөр боюнча белгилей кетсек, «Альфа Телеком» ЖАКтын 100% акциясы мамлекетке таандык болгон уюлдук оператор  2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле  республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө  550 млн сомго жакын өлчөмдөгү каражат которгон. Компания коюлган жоопкерчиликти эске алуу менен, республикалык бюджетке бараандуу салым кошуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы