Перейти на новый сайт
MegaCom  «Элдик Смартфон» конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

MegaCom  «Элдик Смартфон» конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

Компаниянын 11 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурс  жыйынтыкталып, заманбап смартфондор бактылуу ээлерине тапшырылды.
Конкурс MegaCom компаниясынын  Facebook расмий баракчасында эки этап менен өткөрүлүп, биринчи этабында, кеңири тараган 11 мобилдик аппараттын ичинен соцтармактын пайдалануучулары  өздөрүнө  жакканына добуш беришкен. Жыйынтыгында, Apple iPhone 7, Samsung Galaxy S7 Edge жана Xiaomi Mi 5S Plus смартфондору элдик смартфон болуп табылган. Экинчи этапта абоненттер, конкурстун жөнөкөй шарттарын аткарып,  аталган смартфондордун бирин утуп алуу үчүн өз бактысын сынашты. Майрамдык интерактивге бардыгы болуп 2 миңден ашык абонент катышкан.

5 – июнда Megacomдун  Facebook тагы баракчасында  түз эфирде  жыйынтыктар чыгарылып,  сандардын генератору мега-конкурстун жеңүүчүлөрү аныктады.  Анда эмесе, бактылуу  жеңүүчүлөрдүн аты-жөндөрүн атай кетели:

Шамиль Махмудов – Apple Iphone 7 128gb;

Уулжан Мамыралиева – Samsung Galaxy S7 Edge 32gb;

Жанат Асаналиев – Xiaomi Mi 5S Plus 128gb (6gb RAM).

«Мен MegaCom компаниясынын «Элдик Смартфон» конкурсуна катышып супербайгени утуп алдым. Абдан кубанычтамын, сезимдерим  толкуп-ташып жатат десем болчудай.   MegaCom  уюлдук операторуна ыракмат айткым келет Мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн   каалайм!»,- деп  баш байге ээси Шамиль Махмудов ойлору менен бөлүштү.

Мобилдик оператор майрамдык конкурстун жеңүүчүлөрүн чын дилинен куттуктайт жана конкурска катышкан бардык абоненттерге ыраазычылык билдирет.

«MegaCom абоненттерине ыңгайлуу тарифтик пландарды, кызматтарды, опцияларды гана сунуштабастан, алар үчүн түрдүү  конкурстарды жана акцияларды өткөрүп келүүдө.  «Элдик смартфондордун» жеңүүчүлөрүн куттуктайм. «Элдик Интернет» алар үчүн идеалдуу тариф экендиги  кубандырат» – деп белгиледи  компаниянын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев, утуштарды тапшыруу учурунда.

MegaCom жаңылыктары, акциялары жана конкурстары тууралуу Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү расмий баракчаларыбыздан жана megacom.kg сайтынан кабардар болуп турсаңыз болот.

MegaCom конкурстарына активдүү катышыңыз жана мыкты  белектерди утуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • MegaKassa

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы