Перейти на новый сайт
MegaCom балдар күлкүсүнө толгон майрамды өткөрдү

MegaCom балдар күлкүсүнө толгон майрамды өткөрдү

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата MegaCom майрамдык иш-чара уюштурду.

Бүгүн компаниянын башкы кеңсеси музыкага, шарларга жана балдар күлкүсүнө толду. Майрамга карата мобилдик оператордун кеңсесинде ачык эшик күнү болду. Жаш конокторго мобилдик оператордун ишмердиги тууралуу презентация көрсөтүлүп, бөлүмдөргө кызыктуу экскурсия уюштурулуп, фирмалык белектер тартууланды жана даамдуу дасторкон жайылды.

Ошондой эле MegaCom өлкөбүздүн түштүгүндөгү бир ирет майрамдык иш-чаралараны өткөрүүгө колдоо көрсөттү.

Мобилдик оператор балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Дельфин» бассейинин аймагында уюштурулган майрамдык иш-чараны өткөрүүгө дагы бир ирет колдоо көрсөттү. Окуудан жана спорттон мыкты жетишкендиктери бар жүздөгөн балдар компаниядан фирмалык белектерди алды. Куурчак театры, концерттик программа, конкурстук сууда сүзүүлөр жана таттуу тамактар – 250гө жакын балага майрамдык маанайды тартуулай алды!

Megacom компаниясы Жалал-Абад облусунун Кербен жана Каракөл шаарларынын жергиликтүү муниципалитетине майрамдык иш-чараларын уюштрууга колдоо көрсөттү. Майрамга келип, көп сандагы конкурстарга катышкан бөбөктөр мобилдик оператордон фирмалык белектерди алышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы