Перейти на новый сайт
MegaCom 4G LTE түйүнүн Кыргызстандын дагы 14 айылында ишке киргизди

MegaCom 4G LTE түйүнүн Кыргызстандын дагы 14 айылында ишке киргизди

 

MegaCom аракеттеги базалык станцияларды заман талабына шайкеш келтирип жаңылоо жана жаңыларын орнотуу менен  4G LTE түйүнүн  өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта  техникалык бөлүмдүн адистери тарабынан аткарылган үзүрлүү иш-аракеттердин  натыйжасында заманбап технология менен  төмөндөгү 14 айылдын тургундары пайдалана алышат:

Чүй облусу: Чүй айылы

Баткен облусу: Үч-Коргон жана Кызыл-Кыя а.

Ош облусу:  Араван а. (Алля Анаров айыл округу),  Араван а. (С. Юсупов айыл округу),  Агроном а., Кочубаев а.,  Кукалапаш а., Төлөйкөн а. (Чек-Абад айыл округу), Сасык-Үңкүр, Аччи а., Арап а., Кесов а. жана Чертик а.

Бишкек шаарында сигнал белгилүү деңгээлде жакшыртылган. Мега-түйүндүн абоненттери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чолпон-Ата, Каракол, Кант, Кара-Балта, Токмок жана Кара-Суу шаарларында жана Чүй облусунун 32 айылында, Ош облусунун 19 айылында, Ысык-Көл облусунун 7 айылында жана Жалал-Абад облусунун 2 айылында 4G түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети менен колдонуп келишет.

MegaComдон 4G LTE түйүнүнө кошулууну кааласаңыз, алгач түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муун түйүнүн колдой тургандыгын  текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

 

MegaComдон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы