Перейти на новый сайт
MegaCom: жыл сайын өтүүчү «Улуу Жеңиш!» акциясы старт алууда

MegaCom: жыл сайын өтүүчү «Улуу Жеңиш!» акциясы старт алууда

 

MegaComдон «Улуу Жеңиш!» акциясы старт алды, бул акцияга Кыргызстандын бардык аймагындагы мега-түйүндүн абоненттери катыша алат.

Ачык асманды, эркиндикти жана бакубат жашоону тартуулаган ардагерлерге ыраазычылыгыңызды 1945 кыска номуруна каалагандай текст менен SMS жөнөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүүгө салым кошо аласыз. SMS билдирүүнүн наркы – 20 сом (бардык салыктарды эсептегенде).

Мындай SMS-марафон уюлдук оператор тарабынан 6 жыл катары менен өткөрүлүүдө. Кайрымдуу жана кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тизмеси боюнча бөлүнөт жана ар бир ардагердин өз колуна тапшырылат. 2016-жылдагы акциянын жыйынтыгына токтоло кетсек, 1945 номуруна жөнөтүлгөн смс-билдирүүлөрдүн саны 22 миңден ашып, натыйжада 380 307 сом суммасындагы акча каражаты топтолгон.

Мындан тышкары, салтка айлангандай эле 9-Май күнү MegaCom жеке бюджетинин эсебинен республика боюнча колдоого алынган 1000 ардагердин ар бирине 2000 сомдон берип, катаал жолду басып өткөн каармандарыбыз жана оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн концерт уюштуруп, мекенибиздин аймагында «Жакындарына чалуу» жана «Полктошторго чалуу» деген аталыштагы акысыз байланыш линияларын уюштурмакчы.

Сунушталган кызматтар

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы