Перейти на новый сайт

MegaCom: Эсептин деталдоосун электрондук почтаңызга алыңыз

MegaCom: Эсептин деталдоосун электрондук почтаңызга алыңыз

 

Өз мобилдик эсебиңизди көзөмөлдөп турууну каалайсызбы? Албетте, кошулган кызматтардын жана тарифтик опциялардын тизмесин текшерип турууга болот. Ал эми,  MegaComдун  «E-mail дарекке деталдоо» кызматы аркылуу көрсөтүлгөн электрондук дарегиңизге сиздин номуруңуз боюнча чалуулардын деталдоосун алып турасыз.  

Толук электрондук отчет төмөндөгү маалыматтарды камтыйт: качан жана кайда чалуу аткарылгандыгын, канча SMS жөнөтүлгөндүгүн, мобилдик интернет боюнча канча  көлөмдөгү Мб сарптаганыңызды. Ар бир чалуунун наркы көрсөтүлөт. Деталдоо аркылуу эсебиңизден акча каражаттарынын туура алынып жаткандыгын аныктай аласыз.

Кызматтан пайдалануу үчүн компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылыңыз. Жаныңызга инсандыгыңызды тастыктаган документтериңизди алып алууңуз зарыл. Деталдоо наркы 30 календардык күн үчүн  25 сомду түзөт. Телефон аппаратынын моделинен жана тарифтик пландан көзкарандысыз акыркы үч ай үчүн  отчет алууга болот.

MegaCom ыңгайлуу кызматтардын саны боюнча алдыңкы сапта. Демек, абоненттер мобилдик байланышка жана жогорку ылдамдыктагы интернетке сарпталуучу чыгымдарын оптималдоо жана көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Толук маалымат компаниянын сайтында жана  FacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • Планер

    кызматы