Перейти на новый сайт

MegaCom 26-мартта Бишкек шаарында өтө турган веложүрүшкө чакырат!

MegaCom 26-мартта Бишкек шаарында өтө турган веложүрүшкө чакырат!

Велоспорттун сүйүүчүлөрү үчүн көптөн күткөн иш-чара – велосезондун ачылышы эртең 26-мартта болот. Веложүрүшкө темир тулпарларды даярдоо же аларды алдын ала брондоого убакыт келди.

Веложүрүш бүйүрдү кызыткан нукта өтүшү күтүлүүдө, бул иш-чара MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөрүлмөкчү. Борборубуздун тургундары жана коноктору ынтымактуу велдоколонна болуп шаарыбыздын борбордук көчөлөрүнөн өтүшөт. Жеңиш паркындагы марага жеткенде күлкүлүү тамашалары жана шайыр конкурстары менен иш-чаранын алып баруучулары катышуучуларды тосуп алышмакчы, жүрүштүн катышуучулары конкурстарга катышып мобилдик оператордон фирмалык белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Салтка айлангандай эле финалдык пикник даамдуу аш менен Орто-Сай айылынын үстүндөгү «Боз-Бөлтөк» тоосунда болот, ал эми жамгыр жааса, пинкин өткөрүлчү жер «Фламинго» паркындагы аянтка жылдырылат. Веложүрүш төмөнкү маршрут боюнча өткөрүлөт: Чүй проспектиси, Совет көчөсү, Түштүк дарбазасындагы парк. Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы жана "R-Bikers" Федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт. Веложүрүш эртең мененки саат 10:00дө  (Чүй/Совет көч.кесилиши) башталат.

Веложүрүшкө каалаган адам катыша алат. Болгону оң велосипед жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин билүү керек.

Спортту өнүктүрүүгө, колдоого жана сергек жашоого MegaCom өзгөчө маани бөлүп келет. Facebook социалдык түйүнүндөгү иш-чарага катышып, иш-чарадагы баардык кызыктуу маалыматтан кабардар болуңуз.

 

MegaCom -спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы