Перейти на новый сайт
MegaComдон 4G-Интернет кызматы дагы 38 калктуу конушта ишке кирди

MegaComдон 4G-Интернет кызматы дагы 38 калктуу конушта ишке кирди

Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүдө. MegaComдон 4G-интернет эми 2 шаарда, 1 шаарчада жана 35 айылда жеткиликтүү:

Чүй облусу: Кашка-Суу, Малиновка, Беш-Күнгөй, Сүймөнкул Чокморов атындагы айылы, Таш-Дөбө, Арчалы, Байгелди, Байтик, Баш-Кара-Суу, Сарбан, Арашан, Кой-Таш, Подгорное, Прохладное жана Таш-Мойнок айылдары.

Ош облусу: Жаңы-Ноокат, Борбаш, Жалынды, Жазы, Красный Маяк, Прогресс, Арал, Барын, Чапаев атындагы айылы жана Интернациональное айылдары

Жалал-Абад облусу: Майлуу-Суу ш., Кочкор-Ата ш., Когой шаарчасы, Жаңы-Кыштак, Ладан-Кара, Күмүш-Азиз, Абдраимов, Тойчубек-Чек, Базар-Коргон, Курулуш жана Чет-Булак айылдары

Нарын облусу: Кызыл-Коргон жана Табылгыты айылдары

Мобилдик оператор учурдагы базалык станцияларды модернизациялоо жана жаңыларын орнотуу менен жогорку ылдамдыктагы жаңы технологияны өнүктүрүп келет. MegaComдон 4G LTE түйүнү Бишкек, Өзгөн, Ноокат шаарларында жана ошондой эле Ош облусунун Шералы айылында жана Жалал-Абад облуснун Сузак айылында мындан дагы жакшы иштеп жатат.

MegaComдон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

4G түйүнүнүн каптоосу, «Чектөөсүз 4G» тарифи, учурда аракетте болгон «32 ГБ БЕЛЕККЕ», «4G модемди акысыз ал» жана «4G Wi-Fi роутерди акысыз ал» акциялары тууралуу толугураак маалыматты компаниянын megacom.kg сайтынан жана компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан жана ошондой эле *500 номуру боюнча биле аласыз.

 

MegaComдон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы