Перейти на новый сайт

MegaCom каптоо аймагын жана түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүүдө

MegaCom каптоо аймагын жана түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүүдө

 

MegaCom компаниясы түйүндүн каптоо аймагын кеңейтип,  Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча байланыш сапатын жакшыртууну улантып келет. Бул багытта өлкөбүздүн алыскы айылдарына өзгөчө көңүл бурулууда.

2017-жылдын февраль айында  кошумча жабдулар  орнотулуп, 3,75G стандартындагы базалык станциялар ишке киргизилген. Сөзүбүзгө аралжы, үчүнчү муун технологиясы  Нарын облусунун  Кара-Тоо айылында жана Ош облусунун  Барын айылында пайда болду.  Бишкек жана  Талас шаарларында, жана да Чүй облусунун  Нижняя Серафимовка жана Кайырма кыштактарында 3,75G  сигналы  жакшыртылган.

Компания буга чейин орнотулган базалык станциялардын иштөөсүн да ар дайым көзөмөлдөп  турат.  Бишкек шаарында, Чүй облусунун Нижняя Серафимовка айылында, Нарын облусунун Кара-Тоо айылында, Ысык-Көл облусунун  Кожояр айылында, Ош облусунун Арал жана  Коммунизм айылдарында да сигналдын бир кыйла жакшыртылгандыгы  байкалды.

Абоненттерин жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш менен камсыз кылуу максатында, уюлдук оператор  тарабынан түйүндү кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптималдоо жумуштары байма-бай аткарылып келет. Мындай алгылыктуу иш-аракеттер абоненттердин ыкчам интернет менен пайдалануусунун, Кыргызстандын каалаган аймагында үзгүлтүксүз байланышта болуп туруусунун өбөлгөсү. Түйүндүн каптоосу  тууралуу маалымат Түйүн менен каптоонун интерактивдүү картасында жайгаштырылган. Бул жерден жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине көз салып, 2G, 3G жана 4G-каптоосу боюнча онлайн-режимде ыкчам маалымат алууга болот.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы