Перейти на новый сайт
MegaCom: 4G модемин акысыз алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарба

MegaCom: 4G модемин акысыз алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарба

 

Мега-түйүндүн көптөгөн абоненттеринин өтүнүчү менен  «4G модемди акысыз ал»  акциясынын мөөнөтү 2017-жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Акцияга катышып, 4G USB модемди акысыз алуу үчүн  «Чектөөсүз 4G» тарифин 60 күнгө арзандатуу менен кошуңуз.   

Акция алкагында тарифке 60 күнгө кошулуу наркы төмөндөтүлгөн. Башкача айтканда, тарифти активдештирүү  2580 сомдун ордуна 2000 сом. Катышуучу болгуңуз келеби? Анда эмесе, 4G каптоо аймагында жайгашкан  Сатуу жана тейлөө борборлорунун  же  Фирмалык салондорунун бирине кайрылыңыз.

MegaCom компаниясынын  «Чектөөсүз 4G» тарифтик планын кошуп алып, жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясынын бардык артыкчылыктарынан пайдаланыңыз. Интернет ааламына сүңгүп кирип, социалдык тармактарга саякат жасаңыз. Сүрөттөрүңүздү жайгаштырып, зарыл тиркемелерди, сүйүктүү ырларды жүктөп алып, оюндарды ойноп жана жаңы кинотасмаларды көрүңүз. Эң башкысы – мунун бардыгы жогорку ылдамдыкта жана заманбап 4G USB модемдин жардамы менен. Интернет кызматтары менен бардык жерде: үйдө, жумушта, эс алууда да колдоно аласыз. Бардык 4G модемдер туташтыруунун жогорку ылдамдыгына ээ, ыңгайлуу, зарыл драйверлерди автоматтык режимде орнотууга болот. Буга кошумча, 4G USB-модем micro SD объемом көлөмү 32ГБ болгон micro SD картасы үчүн слот менен  жабдылган. Демек, аны USB-флеш-топтогуч катары пайдаланууга да болот.

 MegaCom 4G LTE түйүнү – чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • MEGOGO

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы