Перейти на новый сайт
MegaCom: Балдарыңыздын маалыматтык коопсуздугун көз жаздымда калтырбаңыз

MegaCom: Балдарыңыздын маалыматтык коопсуздугун көз жаздымда калтырбаңыз

 

Балалык. Бул сөздү укканда ар бирибиздин көз алдыбызга  кичине чагыбыз элестейт. Бүгүнкү жаш жеткинчектерибиз – мобилдик интернеттин эң активдүү колдонуучулары. Оюндар, социалдык түйүндөр, чаттар балдардын жашоосун толугу менен ээлеп алгандай. Аларсыз баарлаша алышпаган өңдүү. Чоңдор үчүн деле бул адаттагы көрүнүш болуп калган сыяктуу. Бирок, тилекке каршы, шектүү мүнөздөгү көптөгөн сайттардын  да бар экендиги эч кимге жашырын эмес. Мындай интернет булактары  жаш жеткинчектерибиз үчүн өтө кооптуу. Балдарыңызды көзөмөлдөп турууну жана кооптуу жагдайдын алдын алууну  кааласаңыз « Балдар үчүн Интернет» кызматын кошуп алып, балаңыздын түйүндөгү аракети үчүн кам санабай эле койсоңуз болот.

Бул  сервис  чылым чегүү жана спирт ичимдиктери, зордук-зомбулук  жана кылмыш, азарттык оюндар жана башка ушундай мүнөздөгү балдар аудиториясына ылайык келбеген  web-ресурстарга  кирүүгө бөгөт коет. Абонент-балдар билим берүү, искусство, спорт, компьютерлер жана технологиялар сыяктуу текшерилген сайттарга гана жетки ала алышат.

10 сом өлчөмүндөгү кошуу наркы, бала өз номурун көзөмөлгө алынуусуна макулдук бергендигин тастыктаган учурда, бир эле жолу алынат. Кызматтан пайдалангандыгы үчүн баладан эч кандай акы алынбайт, сарпталган интернет-трафик үчүн гана акы төлөнөт.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы