Перейти на новый сайт
MegaCom кызматкерлери 20 литрден ашык донордук кан тапшырды

MegaCom кызматкерлери 20 литрден ашык донордук кан тапшырды

Бүгүн MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде кан тапшыруу акциясы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Кан борбору менен биргеликте өткөрүлгөн  иш-чаранын максаты – ооруканаларда жетишсиз болгон  донордук кандын запасын толуктоо жана мекендештерибизди өз ыктыяры менен донордук кан тапшырууга үндөө.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери мындай иш-чарага өз ыктыяры менен катышат. Бул жолу дагы мобилдүү кан тапшыруу станциясында кан тапшыруучулардын саны арбын болду.  Кан тапшыруу менен адам өмүрүн сактоого салым кошуп жатканын жакшы түшүнгөн  46 кызматкердин ичинде тажрыйбалуу донорлор жана жаңыдан кан тапшырып жаткандар да бар.        

«Мен биринчи жолу кан донору болдум. Эмнегедир, буга чейин кан тапшыруудан коркчумун, көрсө коопсуз экен.Тапшырган каның бирөөгө жардам бере тургандыгын сезе билгенде көкүрөгүңдү жылуу сезим уялайт» - деп өз таасирлери менен бөлүшө кетти, компания кызматкерлеринин бири.

Жалпысынан алганда, 4 жыл ичинде компанияда өткөрүлгөн мындай акцияларга  250дөн  ашык кызматкер катышып, 120 литрге чамалуу кан тапшырылган. MegaCom – мекендештеринин  муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө  кайдыгер карабаган жана социалдык жоопкерчилигин сезе билген компания. Билим берүү, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү  долбоорлор менен бирге эле, саламаттыкты сактоо тармагына  да көңүл бурган  уюлдук оператор бир катар социалдык демилгелерге колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы коомчулукка маалым.

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы