Перейти на новый сайт
MegaCom Нарындагы музайдыңдын ачылышына колдоо көрсөттү

MegaCom Нарындагы музайдыңдын ачылышына колдоо көрсөттү

MegaCom компаниясы Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы спорт Сарайындагы үстү жабылган музайдыңдын ачылышынын расмий өнөктөшү болду. Компания мындан ары дагы бул музайдыңга колдоо көрсөтүүнү улантмакчы, анткени бул заманбап музайдыңы эл аралык стандарттарга шайкеш жана анын иштеши жалпы аймактагы спорт жана туризм багытын өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Музайдыңдын ачылышы теңиртоолуктар үчүн майрамдык маанайды тартуулады. Бул күнү 500дөн ашуун көрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын коньки тебүү мелдештери федерациясынын алдындагы фигуралык музда тебүү мектебинин музбийчилеринин катышуусундагы концертти көрө алышты. Ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын хокей командаларынын жолдоштук мелдеши өттү. Мыкты музбийчилерге жана хокейчилерге MegaCom компаниясынан фирмалык белектер берилди.    

    

Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom компаниясы ири жана социалдык жоопкер мекеме катары өлкөбүздүн тургундарынын жашоосун жакшыртууга багытталган социалдык долбоорлорго үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет. Мобилдик оператордун жардамы менен социалдык баада нан бышырган «Нарын - Келечек» муниципалдык наабайканасы ачылып, иштеп келет. Мындан тышкары «Mega Билим» долбоорунун алкагында 16 компьютердик класс ачылган. Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана К. Акназаров атындагы орто мектебинин алдындагы үй-интернатынын тарбиялануучуларына жардам көрсөтүлөт. Кайрымдуулук жана демѳѳрчүлүк алкагында Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө жана колдоого MegaCom өзгөчө маани бөлөт. Мобилдик оператор көп жылдан бери эң кызыктуу спорттук мелдештерди жана чемпионаттарды көрсөтүүгө колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы