Перейти на новый сайт
MegaCom: 54 ашуун калктуу конуштар сапатту байланыш менен камсыз болду

MegaCom: 54 ашуун калктуу конуштар сапатту байланыш менен камсыз болду

 

Мобилдик оператордун түйүндү кеңейтүү, техникалык өнүктүрүү жана оптималдаштыруу боюнча байма-бай аткарылган иштери, мега-түйүндүн абоненттерин Кыргызстандын бардык аймагында жогорку сапаттагы мобилдик байланыш жана ыкчам интернети менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.

2016-жылдын аягында кошумча жабдуу орнотулуп, 3,75G стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилди. Үчүнчү муундагы байланыш технологиясы төмөнкү 5 облустун 27 калктуу конушунда ишке киргизилген:

Ысык-Көл облусу: Жыргалаң шаарчасы жана Жети-Өгүз айылы (курорт)

Нарын облусу: Табылгыты, Кызыл-Коргон, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдары

Жалал-Абад облусу: Калмак-Кырчын, Сары-Булак, Аркут, Кезарт, Кызыл-Көл, Сай-Булуң, Чалдыбар, Чат, Арал, Бирдик, Атай, Карл Маркс атындагы айылдары жана Казарман – Жалал-Абад авто жолунун участогу

Ош облусу: Тээке, Ак-Босого, Кичи-Каракол, Чоң-Каракол жана Биринчи Май айылдары

Баткен облусу: Катраң, Коргон (Актерек), Чуянчы айылдары

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Талас облусунун Жоон-Дөбө, Куру-Маймак, Суулу-Маймак жана Чүй облусунун Кара-Жыгач, Сары-Жон айылдарында MegaCom компаниясынын 3,75G стандартындагы мобилдик интернетинин ылдамдыгы жогорулады.

MegaCom компаниясы заманбап базалык станцияны ишке киргизүүсүнүн натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагындагы алыскы Ташакур айылынын тургундары мобилдик байланыш менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышты.  

Компания буга чейин орнотулган базалык станциялардын жаңыланышын да эстен чыгарбай келет. 6 облуста байланыш сигналы жакшыртылган:

Чүй облусу: Бишкек ш. жана Кайыңды шаарчасы

Ысык-Көл облусу: Жети-Өгүз айылы

Талас облусу: Үч-Коргон жана Кайнар айылдары

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш., Сары-Талаа, Массы жана Кочкор–Ата айылдары

Ош облусу: Кашкар-Кыштак, Кызыл-Кошчу, Фрунзе, Кара-Колот, Күнгөй жана Курулуш айылдары

Баткен облусу: Голбо, Лесхоз, Ак-Турпак айыл аймагындагы Калача жана Үч-Коргон айыл аймагындагы Калача айылдары

Түйүндүн каптоо аймагы тууралуу маалыматты онлайн режимде Интерактивдүү түйүндү каптоо картасынан биле аласыз. Картадан жакынкы жердеги жайгашкан базалык станциянын сигналынын деңгээлин көрүп, 2G, 3G түйүндөрү жана жогорку сапаттагы 4G-каптоосу тууралуу ыкчам маалымат алуу мүмкүн.   

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы