Перейти на новый сайт
MegaCom эң популярдуу өлкөлөрдөгү роуминг кызматынын наркын төмөндөтүүдө

MegaCom эң популярдуу өлкөлөрдөгү роуминг кызматынын наркын төмөндөтүүдө

 

MegaCom компаниясы 2017-жылдан тарта мега-түйүндүн абоненттери арасында көп талап кылынган өлкөлөрдө мобилдик байланыш кызматына нарктардын төмөндөшү тууралуу билдирет. Өзгөчө суроо талапка ээ болгон өлкөлөргө Орусия, Казакстан жана Түркия кирет, мекендештерибиз бул өлкөлөргө билим алууга жана эмгектенүүгө барышат.

Эми Turkcell (Түркия) түйүндөрүндөгү мобилдик интернеттин наркы 1 МБ болгону 5 сом, ал эми Megafon жана MTS (Орусия), Kcell (Казакстан) түйүндөрүндө – 1 МБ үчүн 6 сом. Мындан тышкары Megafon, MTS жана Tele2 (Орусия), Kcell, Tele2, Kara-Tel жана Altel (Казакстан) түйүндөрүндө баардык багыттар боюнча чыккан чалуулардын наркы 25 сомду, SMS-билдирүүлөр – 5 сомду түзөт.

Каалаган маалда жана дүйнөнүн каалаган жеринде жакын адамдар менен байланышта болуу үчүн MegaCom көп талап кылынган багыттарды тандайт. Сапарга барган өлкөдөн өз номуруңузду алмаштырбастан, жакындарыңызга чалыңыз, билдирүүлөрдү жөнөтүңүз, социалдык түйүндөргө постторду жана фото сүрөттөрдү жайгаштырыңыз.

Чет элге сапарга чыгаар мурун компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылып роуминг кызматын кошуңуз.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы