Перейти на новый сайт

MegaComдон Жаңы жылга Белектер

MegaComдон Жаңы жылга Белектер

 

Жаңы жыл жакындап, жакындарга белек тууралуу ойлонууга убакыт келди. MegaCom жылдын эң маанилүү майрамдарынын бирине, жакындарыңызга жага турган белектердин бир нече түрүн тартуулайт. Эгерде сиз өзгөчөлүк менен айырмаланган жана керектүү белекти берүүнү кааласаңыз бул төмөндөгү маалыматты окуп, мыктысын тандап алыңыз.

MegaComдон 4G модем же 4G Wi-Fi роутер баарыдыгына жагат: мыкты ишкер адамга, жигердүү студентке, кеңсе кызматкерине, мектеп окуучусуна, кожойкеге жана баарыгерге. Анткени бул заманбап жана ыңгайлуу түзмөктөр суткасына 24 саат бою каалаган жерде: кеңседе, университетте, эс алуу багында, үйдө жана шаарындын сыртында жүргөндө онлайн абалда болууга шарт түзөт. Декабрь айынын аягына чейин модемди жана роутерди толугу менен акысыз алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

«4G модемди акысыз ал» - акциясынын катышуучусу болуш үчүн жөн гана 60 күндүк мөөнөткө арзандатуу менен 2580 сомдун ордуна 2000 сомго «Чектөөсүз 4G» тарифин активдештириңиз.  

«4G Wi-Fi роутерди акысыз ал» - жакын адамыңызды 90 күнгө MegaComдун «Чектөөсүз 4G» тарифине кошуп, жогорку ылдамдыктагы роутерди алыңыз. Акциянын алкагында кошулуу наркы төмөндөтүлгөн, тарифти 3870 сомдун ордуна 3100 сомго активдештириңиз.

Ошондой эле жакыныңызга «Күн-Түн» түркүмүндөгү топтомдору сыяктуу жагымдуу жана керектүү белекти тартуулаңыз.

«Күн-Түн» түркүмүндөгү топтомдорду жөнөтүүдө жакындарыңыз үч эселеген белекти алышат: күндүзгү топтом, чектөөсүз түнкү топтом дагы кошумча MegaComдун 4G түйүнүнө кошулууда күндүзгү топтомдун көлөмүндөгү трафик берилет.

Компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылсаңыз адистер сизге ыңгайлуу болгон белекти тандоого жардам бере алышат.

Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы