Перейти на новый сайт
MegaCom жаңы  Фирмалык  салондоруна чакырат

MegaCom жаңы  Фирмалык  салондоруна чакырат

 

Өлкөбүздүн алдыңкы оператору Жалал-Абад облусунда төрт Фирмалык салондун ачылгандыгы тууралуу билдирет.

Алар түштүк калаанын  башкы көчөлөрүндөгү маанилүү объектилердин  жанында жайгашкандыгы менен кардарлар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болмокчу. Жаңы Фирмалык салондордун даректери:

  •          Джалал-Абад ш., Чехов көч. н/ж (ор-р Музыкалык техникум);
  •          Джалал-Абад ш., Жамбулатов көч. н/ж (ор-р Шаардык оорукана);
  •          Таш-Көмүр ш., Гагарин көч. н/ж (ор-р «Компаньон» банкынын Филиалы);
  •          Токтогул ш., Кыргызстан көч. н/ж (ор-р Борбордук базар).

Абоненттер мобилдик байланыш боюнча бардык суроолоруна  жооп ала алышат, аларга түйүнгө кошулуу, ыңгайлуу тарифтик планды тандоо, акциялар жана сунуштар тууралуу билүү, байланыш кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү сыяктуу кызматтардын кеңири түрү көрсөтүлөт. Ар бир абонентке компаниянын өнүмдөрү тууралуу толук маалымат берилет.

Кыргызстандын бардык аймактарында – ири шаарларынан тарта, алыскы райондоруна чейин ачылган MegaCom заманбап тейлөө борборлору  күн сайын 15 миңге жакын абоненттерди тейлеп келет. Абоненттер болсо, өз кезегинде,  уюлдук оператордун Сатуу жана тейлөө борборлорунда, Фирмалык салондорунда сунуш-пикирлерин, каалоолорун калтыра алышат.

Жаңы  Фирмалык салондорго кош келиңиз, иштөө убактысы: саат 9:00 дөн 18:00гө чейин( майрам күндөрүн кошкондо), дем алыш: жекшемби, түшкү тыныгуу саат 12:30 дан 13:30га чейин.

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы