Перейти на новый сайт

MegaCom: Эсептин деталдоосун электрондук почтага алыңыз

MegaCom: Эсептин деталдоосун электрондук почтага алыңыз

 

MegaCom «e-mail дарекке деталдоо» жаңы кызматын ишке киргизди, бул кызматтын жардамы менен мобилдик эсебиңизди жеңил жана оңой эле көзөмөлдөй аласыз. Кызмат менен колдонууда онлайн-форматтагы ыңгайлуу отчётту аласыз!

Эсептин деталдоосу – бул колдонулган мобилдик байланыш кызматтарынын тизмеги. Анда качан жана кайсыл багытта чалганыңыз, канча SMS жөнөткөнүңүз, интернет боюнча кандай көлөмдө маалыматты көчүрүп алганаңыз көрсөтүлөт. Ар бир кызмат үчүн анын наркы көрсөтүлөт. Деталдоо боюнча эсептен акча каражаттардын туура алынганын тактоого болот.

Кызмат менен колдонуу үчүн компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылуу керек. Жаныңызда инсандыкты ырастоочу документтин болуусу зарыл. Деталдоонун наркы 30 календардык күн үчүн 25 сомду түзөт. Отчетту телефондук аппараттын моделине жана тарифтик планга көз карандысыз акыркы 3 айга алууга мүмкүн.

MegaCom ыңгайлуу кызматтарды көрсөтүү боюнча алдыңкы сапты ээлеп келет. Бул кызматтардын жардамы менен абоненттер мобилдик кызматка жана жогорку ылдамдыктагы интернетке болгон чыгымдарын оптималдаштырып, көзөмөлдөй алат. Кызмат тууралуу толугураак маалыматты компаниянын сайтынан жана компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан биле аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы