Перейти на новый сайт

MegaCom #OneMagazine AWARDS 2016 версиясы боюнча жылдын мобилдик оператору болуп табылды

MegaCom #OneMagazine AWARDS 2016 версиясы боюнча жылдын мобилдик оператору болуп табылды

Жыл сайын өткөрүлүүчү #OneMagazine AWARDS 2016  ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, MegaCom жылдын оператору наамына татыктуу болду. Сурамжылоо OneMagazine интеллектуалдык журналы тарабынан жүргүзүлдү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында сыйлык Кыргызстандын мобилдик тармагынын көч башында келе жаткан MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго тапшырылды.

«Бул жеңиш – баарынан мурда биздин мега-командабыздын түйшүктүү эмгегинин үзүрү, өнөктөштөрүбүздүн жана да, албетте, абоненттерибиздин ишеними. Биздин сыйлыкка татыктуу экендигибиз кардарларыбыз тарабынан аныкталгандыгы бизди өзгөчө кубандырат. Кечээ жакында эле,  MegaCom,  #1мобилдик оператор наамына татыктуу болду. «Жыл тандоосу» фестиваль-конкурсунун алкагында өткөрүлгөн сурамжылоодо көптөгөн мекендештерибиз бизге ишеним көрсөтүштү. Бул демибизге дем кошоору бышык. Мындай  сыйлыктар абоненттер тарабынан артылган ишеничтин жогорку деңгээлин аныктап, компаниянын мыктылардын мыктысы экендигин  дагы бир ирет тастыктап турат! Эмгегибизди жогору баалаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз– деп белгилей кетти, сыйлоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Азат Базаркулов.

Мекенибиздин белгилүү инсандары, бизнес-компаниялардын топ менеджерлери, атактуу артисттер жана коомдук ишмерлер  салтанаттуу кеченин меймандары болушту. Салтка айланып калган иш-чарада жылды ийгиликтүү жыйынтыктаган мекендештерибиз, өлкөбүздүн бизнес-компаниялары, демилгелүү долбоорлор катыша алышат, ал эми жеңүүчүлөр журналдын сайты аркылуу элдик добуш берүүчүлөрдүн добуштары боюнча  аныкталат.

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы