Перейти на новый сайт
MegaCom футбол боюнча Испания чемпионатын- Ла Лига–2016-2017 иш-чарасын түз алып көрсөтүүнүн башкы демөөрчүсү

MegaCom футбол боюнча Испания чемпионатын- Ла Лига–2016-2017 иш-чарасын түз алып көрсөтүүнүн башкы демөөрчүсү

 

MegaCom компаниясы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан жана футбол сүйүүчүлөр көптөн күткөн Испаниянын футбол боюнча чемпионатын- Ла Лиганы түз алып көрсөтүүнүн Башкы демөөрчүсү, бул оюндар Эл аралык футбол тарыхы жана статистика (IFFHS) федерациясынын берген маалыматына ылайык улуттук лиганын мыктысы деп эсептелинет.

Кызыктуу футболдук мелдешти дүйнөнүн миллиондогон телеаудиториясы менен биргеликте бардык футбол сүйүүчүлөр түз эфирден ырахаттануу менен көрө алышат. Мелдештер КТРК жана КТРК-Спорт телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт, түз алып көрсөтүү 2017-жылдын 21-майына чейин уланат. Ар бир күйөрман реалдуу убакытта сүйүктүү футбол командасын аралыктан колдоп,  MegaCom жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети аркылуу достору менен оюндардан алган таасирлери менен бөлүшө алат. FacebookInstagram жана Одноклассники социалдык түйүндөрдөгү MegaCom расмий баракчаларында турнирлердин ырааттамасы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Рио-де-Жанейродо (Бразилияда) өткөн 2016-ж. XXXI жайкы Олимпиада оюндары, 2014-ж. Азия оюндары, UEFA-2013 чемпиондор Лигасы, 2012-ж. Европанын футбол боюнча чемпионаты, 2006-ж. дүйнөлүк футбол Чемпионаты түз алып көрсөтүлгөндүгү эсиңиздерде болсо керек. Мобилдик оператордун  демөөрчүлүк жаатындагы артыкчылыктуу  багыттарынын бири- бул Кыргызстанда спортту колдоо жана  жайылтуу.

 

MegaCom – спорт  жана сергек  жашоо үчүн

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы