MegaCom  - Кыргызстандагы #1 мобилдик оператору

MegaCom  - Кыргызстандагы #1 мобилдик оператору

 

Кыргызстандагы «Жыл тандоосу» эл аралык сынак-фестивалынын жыйынтыгында MegaCom  #1 мобилдик оператор болуп табылды.  Бизнес-элиталарга сыйлык тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында,  алар 15 жылдан ашык убакыттан бери жылдын эң мыкты товарлары менен кызматтарын тандап келишет.  Алардын пикиринде, жылдан –жылга  продукциялардын сапаттары өсүп, атаандаштык күчөп келүүдө. Айрыкча, быйылкы жылы атаандаштык катуу болгондугу сезилди. Катышуучулардын жыйынтык баалары көп деле айырмаланган жок. “Бул таң калычтуу эмес, анткени кызмат көрсөтүүнүн деңгээли, сапаты өсүүдө. Ар бир номинация боюнча керектөөчүлөрдүн,  эксперттик кеңештин жана жогорку калыстар тобунун комплекстүү добуш берүүлөрүндө эң көп упай топтогондор жеңүүчү аталышты” дейт уюштуруучулар. Сурамжылоо  “Эл-Пикир” коомдук пикирди иликтөөчү борбору тарабынан жүргүзүлдү. 2016-жылдагы сезондун долбоорунун расмий аудитору “Кыргызаудит” Аудитордук-консалтингдик ишканасы ЖАКсы.

 «MegaComдун бардык абоненттерин жалпы жеңишибиз менен куттуктайм, алардын берген жогорку баасына жана көрсөткөн ишенимине ыраазычылык билдирем! Биз жаңы тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгууда  абоненттерибиздин каалоосунар дайым эске алабыз, биз үчүн сиздердин пикириңиздер маанилүү. Дайыма тейлөө сапатын төмөндөтпөй, жогору кармоого аракет кылабыз. Ал эми бул жеңиш компанияны мындан ары дагы талбай эмгектенип, дагы жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат!” деди MegaCom компаниясынын коммерциялык жетекчиси Нурбек Ишекеев.

Белгилей кетсек, MegaCom бүгүнкү күндө өлкө боюнча дайыма инновациялык мобилдик кызматтарды киргизип жаткан лидер болуп саналат, азырынча Кыргызстанда буга теңдеш компания жок. Өлкөнүн эң алдыңкы бизнес-түзүмдөрү ыңгайлуу жана пайдалуу байланыш үчүн  MegaComду тандагандыгы буга айгине. Өнүгүү жолунда келе жаткан компания 10 жылдан бери ардагерлерге, балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүп,  спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Телекоммуникациялык тармак боюнча  эң көп салык төлөөчүлөрдүн көч башында келе жаткан мобилдик оператор  Кыргыз Республикасындагы жумуш менен камсыз кылуучу эң ири компаниялардын да бири болуп саналат десек жаңылышпайбыз.

Сунушталган кызматтар

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы