Перейти на новый сайт
MegaCom: Өлкөнүн 59 калтуу конушунда байланыш сапаты жакшыртылды

MegaCom: Өлкөнүн 59 калтуу конушунда байланыш сапаты жакшыртылды

 

MegaCom компаниясы өлкөнүн алыскы айылдарына өзгөчө көңүл бөлүү менен Кыргызстандын баардык аймагы боюнча байланыш сапатын жакшыртуу жана түйүндүн каптоосун кеңейтүүнү улантып келет.

2016-ж. октябрь айында  кошумча жабдуулар орнотулуп, колдонууга 3,75 стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилди. Үчүнчү муундагы байланыш стандарты 14 калктуу конушта ишке киргизилген Жалал-Абад облусунун: Жоон-Күңгөй, Кара-Алма, Карачолок, Катраңкы, Мазар-Булак, Сай, Ак-Тайлак, Төлөкө, Теңги, Жеңиш, Ууру-Жар, Кара-Жыгач, Үч-Терек жана Чет-Булак айылдарында.

Компания буга чейин орнотулган базалык станцияларды жакшыртууну эстен чыгарбайт. 5 облуста байланыш сигналы жакшыртылды:

Чүй облусу: Бишкек ш., «Манас» аэропортунун району, Кайыңды шаарчасы, Моңолдор, Сосновка, Кайсар, Суусамыр, Тунук, Жаңы-Пахта, Мирный, Западное, Заря жана Майское айылдары.

Талас облусу: Кара-Буура, Чоң-Кара-Буура, Жоон-Арык, Көк-Токой, Кызыл-Туу жана Орто-Арык айылдары.

Ысык-Көл облусу: Каракол ш., Талды-Суу, Бостери жана Кара-Ой айылы.

Жалал-Абад облусу: Жеңиш жана Чет-Булак айылдары.

Ош облусу: Ош ш., жана Кашкар-Кыштак айылы.

Орнотулган заманбап базалык станциянын жардамы менен эми MegaComдун мобилдик байланыш кызматы менен Жалал-Абад облусунун алыскы Чет-Булак айылынын тургундары колдоно башташты. Төмөнкү райондордо түйүндү кеңейтүү иштери жүргүзүлдү:

Чүй облусу: Бишкек ш., «Манас» аэропортунун району, Орловка шаарчасы, Восток, Ленинское, Арчалы, Байгелди, Сарбан, Дачное, Молдовановка, Кызыл-Туу, Новое, Токбай, Мраморное, Сасык-Булак жана Ударник айылдары.

Ысык-Көл облусу: Талды-Суу, Түп, Бостери жана Кара-Ой айылдары.

Ош облусу: Ош ш.

Түйүндү кеңейтүү, өнүктүрүү жана оптимизациялоо иштеринин байма-бай аткарылышы MegaCom абоненттерин жогорку сапаттагы мобилдик байланыш, ылдам интернет менен камсыздап жана Кыргызстандын каалаган жеринде байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Түйүндүн каптоо аймагы тууралу маалыматты онлайн абалында Интерактивдүү түйүндүн каптоо картасы аркылуу билүүгө мүмкүн, картадан жакынкы жерде жайгашкан базалык станциянын сигналынын деңгээлин, 2G, 3G тууралуу маалыматты жана жогорку ылдамдыктагы 4G – каптоо түйүнү жөнүндө билүүгө мүмкүн.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • Автомаалымдоо

    кызматы