Перейти на новый сайт

MegaCom 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүдө

 

MegaCom компаниясы Чүй облусунда 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүсүн улантууда. Эми 4G-интернет Ак-Жол, Татыр, Жайыл Петропавловка жана Виноградное айылдарында колдонууга жеткиликтүү.

Учурдагы базалык станцияларды модернизациялоо жана жаңыларын орнотуу менен компания жаңы жогорку ылдамдыктагы технологияны өнүктүрүп келет. Компаниянын техникалык адистери аткарган иштеринин жардамы менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларынын жана ошондой эле Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттүү, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой, Чок-Тал, Бает, Военно-Антоновка, Константиновка, Новопокровка, Люксембург, Сокулук, Шалта, Котовское, Гавриловка, Беловодское, Садовое, Романовка жана Александровка айылдарынын тургундары заманбап технологиянын кызматтары менен колдонуп келишет.            

MegaComдон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

 

4G каптоо картасы, «Чектөөсүз 4G» тарифтик планы, «32 ГБ белекке!», «4G модемди акысыз ал» жана «4G Wi-Fi роутерди акысыз ал!» акциялары тууралуу толугураак маалыматт компаниянын megacom.kg сайтынан жана компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан жана ошондой эле *500 номуру боюнча биле аласыз.

MegaComдон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы