Перейти на новый сайт
MegaComдон «Мегажөнөтмө» – ишкердик үчүн мыкты чечим

MegaComдон «Мегажөнөтмө» – ишкердик үчүн мыкты чечим

 

MegaComдон «Мегажөнөтмө» кызматынын артыкчылыктарын жана ыңгайлуулугун, өз ишин жүргүзүп жаткан ишкер адамдар баалай алышат. Мындан ары контактыдагы узун тизмектеги ар бир адам үчүн SMS-билдирүүнү кол түрүндө жөнөтпөй эле койсо болот, анткени бул абдан көп убакытты талап кылат. Ишкердиктин негизги мыйзамы: убакыт - бул акча.

«Менин кичине дүкөнүм бар. Соода жакшы жүрүп жатат, такай келген кардарлардагы бар. Буга чейин жаңы келген товар, арзандатуулар, акциялар жана жөн гана майрам менен куттукташ үчүн ар бир адамга жеке SMS жөнөтчүмүн. Кээбир учурда даректер 100дөн ашып кетчи. «Мегажөнөтмө» кызматынын ишке кириши менен ишкердик жүргүзүү жана кардарлар менен баарлашуу жеңилирээк болуп калды» - деп, сөзү менен жеке ишкер Зарина Касымова бөлүштү.

Бул кызматтын өзгөчөлөгү SMS-билдирүүнү жөнөтүүчүнүн номуру «Кимден» деген талаада сан жана текст түрүндө болушу мүмкүн. Ар бир SMS-кампания үчүн жөнөтүүчүнүн атын жаңыдан тандоого мүмкүн.

Баардык даректер SMS-жөнөтмөнү алуучулар тизмегине алардын макул болуусунун негизинде кирүүсү маанилүү. Бир алуучу үчүн бир билдирүүнүн наркы – 1,5 сом (баардык салыктарды эсеп алуу менен).

«Мегажөнөтмө» менен колдонуу үчүн компаниянын жакынкы жерде жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл. Кызматтын шарттары тууралуу толугураак маалыматты компаниянын сайтынан билүүңүз мүмкүн.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы