Перейти на новый сайт
MegaCom адистери студенттер үчүн жарнама боюнча мастер-класс өткөрүштү

MegaCom адистери студенттер үчүн жарнама боюнча мастер-класс өткөрүштү

MegaCom компаниясынын жарнама багытында иш алып барган адистери Борбор Азиядагы Америка Университетинин стундеттери менен жолугушуу өткөрдү. «ЖОЖдордогу кесипкөй семинарлар» долбоорунун алкагындагы кезектеги иш-чара, Advertising студенттик курсунун алкагында 18-октябрь күнү өткөрүлдү.

Азыркы кезде жарнама – бул кызматтарды жана товарларды өткөрүү жаатындагы негизги күч экендигин тастыктоочу факт катары далилдөө талап кылынбайт. Жарнама – бул сатуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы өзгөчө диалог. Бул диалог натыйжалуу болуш үчүн жарнама жаатындагы адистер жардам беришет. Адил Иптаров жана Ульяна Коновалова MegaCom компаниясында жарнама бөлүмүнүн иш алып баруусу жана жарнама, копирайтинг боюнча менеджерлери жана ATL, BTL-адистери кайсыл багыттар боюнча жооптуу экендигин айтып беришти. Адистер реалдуу жарнамалык кейстер тууралуу айтып беришти. Компаниянын адистери ар түрдүү тарифтердин жана кызматтардын бир нече жарнамалык роликтерин көрсөтүүдө, аларды иштеп чыгуудагы сырлары менен бөлүшө кетишти. Ошондой эле студенттер жарнама адисинин ири компанияда кесиптик ишинин өзгөчөлүгү жана маркетинг менен тыгыз байланышта болгону тууралуу биле алышты. Компаниянын адистери катышуучуларга болгон каалоо сөзүндө, жарнама адиси кесиби адамдын ар тараптуу өнүгүүсүн жана билимге умтулуусун талап кылаарын белгилей кетишти.

Мастер-класс интерактивдүү маанайда өттү, иш-чаранын жүрүшүндө балдар активдүүлүк менен суроолорду узатып, аларга максималдуу толук жоопту ала алышты. Жолугушууну иш-чарага келген лекторлор өткөргөн шайыр маанайдагы викторина жыйынтыктады. MegaCom компаниясы тууралуу суроолорго жоопторун берген активдүү катышуучулар белектерге ээ болушту. Ал эми коноко келген адистер сертификаттарды алышты.

"Биз бул сыяктуу жолугушууларды байма-бай өткөрүп турабыз. Буга чейин мындай маектешүүлөр «Манас» жана «ОшМУ» университеттеринде өткөрүлгөн. Биздин жаштар таланттуу жана алар ар дайым билим алууга умтулаарына ишеним артып келем. Бул иш-чара – келечекте өз ишин мыкты билген адистердин билим алуусуна жана калыптануусуна болгон салымыбыз" – деп, белгилей кетти өз сөзүндө MegaCom компаниясынын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Омурканов.

Сунушталган кызматтар

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы