Перейти на новый сайт

MegaCom: 80ден ашуун айыл сапаттуу байланыш менен камсыз болду

MegaCom: 80ден ашуун айыл сапаттуу байланыш менен камсыз болду

 

MegaCom компаниясы мобилдик байланыш менен Кыргызстанды  жалпы аймагын камтуу менен гана чектелбестен, абоненттеринин мүдөөлөрүн алдыңкы орунга коюп, байланыш кызматтарынын сапатына да өзгөчө көңүл бурат.  Сөзүбүзгө аралжы, эми жогорку ылдамдыктагы 4G технологиясы менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта жана  Токмок шаарларынын,  Чүй жана Ысык-Көл облустарынын бир катар айылдарынын тургундары  пайдалана алышат. Мындан тышкары, компания алыскы аймактарды да көз жаздымда калтырбай келет.

Түйүндү кеңейтүү жумуштарынын байма-бай аткарылып тургандыгы  жана базалык станциялардын орнотулуп жаткандыгы  да өз жемишин берип келет.Мындай алгылыктуу аракеттердин натыйжасында Ош жана Жалал-Абад облустарынын төмөнкү 11 айылында байланыш сигналынын сапаты бир кыйла жакшырды:

Ош облусу: Сүткор, Жакшылык, Кукалапаш, Эрка-Кашка, Жыланды жана  Красный Маяк

Жалал-Абад облусу: Сузак, Арал, Төш, Арсланбоб жана  Рахманжан.

Ал эми, түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү аркылуу Жалал-Абад облусунун Арал айылында  3,75G стандартындагы жогоку сапаттагы интернет жеткиликтүү болуп калды.

Жаңы базалык станцияларды куруу жана аракеттеги базалык станцияларды модернизациялоо аркылуу Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын 4 шаарында, 4 шаар тибиндеги кыштагында жана 70 айылында 3,75G стандартындагы MegaCom мобилдик интернети мурдагыдан да ылдам болуп калды:

Чүй облусу:  Лебединовка а., Ивановка а., Чүй а., Ленинское а., Камышановка а.,  Панфиловское а.,  Крупское а.,  Сокулук а.,  Петропавловка а., Васильевка а.,  Киршелк а., Новопокровка а.,  Алексеевка а.,  Садовое а., Советское а.,  Төш-Булак а., Дачное а., Дружба а., Беловодское а., Ак-Суу а., Малтабар а., Орто-Суу а., Полтавка а., Ак-Башат а., Ак-Торпок а., Бала-Айылчы а., Мураке а., Темен-Суу а., Чоң-Арык а., Алексеевка а.,  Арашан а., Кой-Таш а., Подгорное а., Прохладное а., Таш-Мойнок а., Калдык а.,  Вознесеновка а., Эфирное а., Чалдыбар а., Октябрьское а., Күрпүлдөк, Первомайское а.,  Гавриловка а.,  Романовка а., Дмитриевка а.,  Бурана а., Дөң-Арык а., Виноградное а., Кең-Булуң а., Калининское а., Степное а., Новопавловка а., Петровка а., Кайырма а.,  Ильичевское а., Мыкан а., Кепер-Арык а.,  Ак-Жол а., Первомайское а.,  Ак-Кудук а.,  Хун- Чи а., Гавриловка а., Кемин шаарчасы, Орловка шаарчасы, Кайыңды шаарчасы,Токмок ш., Кант ш. жана Кара-Балта шаары.

Жалал-Абад облусу: Арсланбоб а.

Нарын облусу: Ат-Башы а., Ак-Татыр а., Чаек а., Баетов а., Кайыңды-Булак а., Казан-Куйган а., Кара-Күңгөй а., Достук шаарчасы жана Нарын шаары

Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүн ишенимдүү кабыл алуу аймагында өлкө калкынын 98 пайыздан ашууну жашайт.Түйүндүн  каптоо аймагы тууралуу маалымат менен  Интерактивдүү  карта аркылуу онлайн -режимде таанышууга болот. Жакын жайгашкан базалык станциялардын сигналы,  2G, 3G жана ыкчам 4G тууралуу да кыска убакыттын ичинде биле аласыз.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы