Перейти на новый сайт

MegaCom ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин тастыктады

MegaCom ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин тастыктады

 

MegaCom - ISO 9001:2015 жаңы эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин тастыктаган Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир уюлдук компания. Бул  стандартка шайкеш келүүсү-компаниянын стабилдүүлүгүнүн объективдүү далилдеринин  бири.

Көзөмөл, баалоо, сыноо жана сертификациялоо чөйрөсүндө дүйнөгө белгилүү болгон TÜV International Certification (TIC)тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жүрүшүндө MegaCom компаниясынын сапаттык менеджмент системасынын ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин далилдеди. Аудиторлор абоненттерди тейлөө, сатып алуу процесстерин ишке ашыруу, жабдуучулар менен иш алып баруудагы келишимдик милдеттенмелерин жана байланыш кызматтарын көрсөтүүгө  коюлган техникалык талаптарды аткаруу боюнча аткарылып жаткан иштерге жогорку баа беришти.

«Компания ISO 9001:2008 стандартынын тастыктамасына ээ, 2018-жылдын сентябрь айына чейин эски версияны колдоно берүүгө болот эле.  Бирок, биз  MegaCom сапаттык менеджмент системасынын ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын жакшыртылган версиясынын  талаптарына ылайык иш  алып барууну чечтик. Сертификациядан өтүүгө бир жылдай даярдандык. Атайын адистештирилген тренингдер өткөрүлүп, стандарттын талаптарына ылайык келген зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топтор түзүлүп жатты. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” эмгектенген компания кызматкерлеринин эмгегинин акыбети кайтты десем болот. Көзкарандысыз аудит өткөрүүдө аудиторлор тарабынан  жогорку баага татыктуу болуп, натыйжада, эл аралык үлгүдөгү тастыктамага ээ болдук» - деп баса белгилей кетти компаниянын башкы директору  Азат Базаркулов.

 Телекоммуникациялык компаниянын  ийгиликтүү ишмердигинин башкы далили- компания адистерини кесипкөйлүгү, алдыга коюлган милдеттерди ыкчам аткарууну шарттаган маалымат системаларын кеңири колдоно билүүсү, өз ишине болгон ырааттуу мамилеси, сапаттык менеджмент системасынын принциптерин билүүсү, ички корпоративдик биримдик жана ар бир кызматкердин кардарларга жасаган кардар таламдуу  мамилеси.

MegaCom жогорку сапаттагы тейлөөнү, кызматтардын кеңири түркүмүн, ишенимдүү байланышты, ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. Компания түйүндү кеңейтүү жана оптималдоо, техникалык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барууда.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы