Перейти на новый сайт

Ыңгайлуу тарифти кантип тандап алууга болот?

Ыңгайлуу тарифти кантип тандап алууга болот?

 

Биз бири-бирибизге  чалабыз, SMS жөнөтөбүз, веб-баракчаларды барактап,  автожоопбергичти угабыз. Айланаңа көз жүгүртсөң, замандаштарыңдын баары өз жашоосун тынымсыз кыймылда болуу менен өткөрүп жаткандай сезилет. Ал эми алардын  турмушун мобилдик байланышсыз элестетүү акылга сыйбай турган иш. Демек, эсептеги баланс да азайып турат. MegaCom байланыш кызматтарына сарпталуучу чыгымдарыңызды кыскартуу максатында  актуалдуу тарифтик пландарды байма-бай сунуштап келет. Анда эмесе, алардын шарттары менен таанышып чыгыңыз.

Элдик – MegaCom тармагында абоненттердин көңүлүнө төп келген пландардын бири. Он миңдеген абоненттер аны жөнөкөйлүгү, ыңгайлуулугу үчүн тандап алгандыгы бекеринен эместир. Ушул сыяктуу сунуштардын ичинен мегабайттын наркы абдан төмөн жана болгону 0,028 сомго барабар. Мындан тышкары, өтө жогору болбогон, белгиленген нарктагы  керектүү кызматтардын топтому-мүнөттөр, SMSтер сунушталат. Маселен,  «Элдик 50» тарифин тандоодо сизге түйүн ичиндеги 300 акысыз мүнөт берилет. Ушул эле дейсизби,  жогорку ылдамдыктагы 1050 МБ  мобилдик интернет жана түйүн ичиндеги 500 SMSти аласыз. Мунун бардыгы болгону  50 сомго. Беш топтомдун ичинен каалаганыңызды тандап алыңыз.

Мыкты – бул  бирдиктүү нарк,  тактап айтканда, түйүн ичиндеги чалуулар да, 1МБ интернет-трафик да – болгону  0,5 сомдон. Жакындарыңызга чалып, жагымдуу кабарларыңыз менен бөлүшүңүз, жаңылыктардын борборунда болуңуз.

Бардыгы кошулган – жакындары жана достору чет өлкөдө жүргөндөрдүн көңүлүнө төп келе турган тариф. Башка өлкөлөргө ыңгайлуу баада чалуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Маселен, Россияга чалуу болгону 3,5 сомду түзөт. Дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде гана болбосун, жакындарыңызга жана досторуңузга чалып каалаганча баарлаша аласыз. Кыргызстандагы жакындарыңызды эсиңизден чыгарбаңыз. Ведь «Бардыгы кошулган» өлкө ичиндеги чалууларга да ыңгайлуу баа сунуштайт.

Өзүңүзгө жаккан тарифти тандап алып, жакын адамдарыңызга баарлашуу кубанычын тартуулаңыз.

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы