Перейти на новый сайт
Мамлекеттик тил күнүнө карата MegaComдон конкурска катышыңыз

Мамлекеттик тил күнүнө карата MegaComдон конкурска катышыңыз

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт. Бул майрам тилди улуттун мурасы катары сактоо жана колдоо мааниси жогору экендигин эске салып, өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет. Атайын бул майрамга карата Компаниянын атынан социалдык түйүндөгү Facebook расмий баракчасында конкурс жарыяланган. Конкурска катышып Юдахиндин сөздүгүнө жана компаниянын фирмалык белектеринэ ээ болууга мүмкүнчүлүк болот.

Эскерте кетели, кыргыз тили боюнча билимди «Engster тил үйрөтүү курстары» сервиси аркылуу жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Жеке окутуу планынын жардамы менен тилди өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Сөз айкаштарынын, сүйлөмдөрдүн туура жазылышын текшерип, грамматиканы үйрөнүңүз, күн сайын түшүндүрмө сөздүктөн өзүңүзгө тааныш эмес сөздөрдүн котормосун таап сөз байлыгыңызды өстүрүңүз. *993# кыска номуруна сурам жөнөтүп кыргыз тилинде сүйлөңүз, жазыңыз жана кыялданыңыз. Абоненттик төлөм күнүнө болгону 6 сомду түзөт.

«Ар бир улуттун руханий байлыгы болуп анын тили эсептелинет. Тил аркылуу салт-санаа, маданий өзгөчөлүктөр берилет, ошондуктан эне тили улуттук намыс болуп эсептелинет, ал эми майрам – бул тилге болгон сый-урмат. MegaCom компаниясы үзгүлтүксүз негизде колдоо көрсөтүп келгени үчүн ыраазычылык билдирем» - деп белгилей кетти «Кут Билим» гезитинин башкы редактору жана мобилдик оператордун колдоосу менен, мектеп мугалимдеринин арасындагы кыргыз тили боюнча методикалык иштелме конкурсунун уюуштуруучусу Кубат Чекиров.

MegaCom компаниясы туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүнүн кайрадан басылып чыгышы акыркы маанилүү долбоорлордун бири. Бул долбоордун бирден бир демөөрчүсү MegaCom компаниясы болду. Мамлекеттик тилди колдоо боюнча долбоорлор тууралуу мобилдик оператордун сайтынан билүүңүз мүмкүн.

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon