Перейти на новый сайт

MegaCom түйүндүн сапатын жакшыртууга өзгөчө маани берип келет

MegaCom түйүндүн сапатын жакшыртууга өзгөчө маани берип келет

 

Кыргызстанды мобилдик байланыш камтуу боюнча көч башында келе жаткан уюлдук оператор мекенибиздин жалпы аймагы боюнча түйүндү пландуу түрдө өнүктүрүп келет. Маселен, август айында, MegaCom адистери тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылган.

Сөзүбүзгө аралжы, Баткен облусунун Андарак айылында, Ысык-Көл облусунун шаарында, Кара-Ой жана  Булан-Сөгөттү айылдарында, жана да борбор шаарыбызда түйүндү жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 3G түйүнүн жакшыртууга байланыштуу жүргүзүлгөн аракеттер да өз жемишин берди. Эми, Жалал-Абад  облусунун Чек айылынын, Ош облусунун Жалынды айылынын, Чолпон-Ата жана  Бишкек шаарларынын тургундары MegaComдун сапаттуу жана жогорку ылдамдыктагы интернети менен колдоно алышат. Өнүгүү-бул тынымсыз көзөмөл жана жабдууларды заман талабына шайкеш жаңыртып туруу, ошондуктан түндүк жана түштүк борборлорубузда 4G LTE төртүнчү муун түйүнүн ишке киргизүүгө өзгөчө басым жасалды.

Калкыбызга сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн  каптоо аймагын кеңейтип, түйүндү техникалык жактан жаңыртып туруу артыкчылыктуу милдеттерге кирет. Ишенимдүү мобилдик оператор үчүн- кардарлардын мүдөөлөрүн алдыңкы орунда. Техникалык жумуштар пландуу түрдө, абоненттердин кайрылууларынын негизинде аткарылат. Кайрылууларды pr@megacom.kg, жана да  FacebookInstagramTwitter жана  Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү расмий баракчалары аркылуу, мындан тышкары *500 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону боюнча калтырууга болот.

Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүн ишенимдүү кабыл алуу  аймагындагы калкыбыздын саны  98 пайызга чамалуу.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Киоск

    кызматы