Перейти на новый сайт
MegaCom: 76 калктуу конушта байланыш жакшыртылды

MegaCom: 76 калктуу конушта байланыш жакшыртылды

 

Кыргызстандыктардын  көпчүлүгү көптөн күткөн  эмгек өргүүсүн алып, жумушка жаңы дем менен киришүү үчүн мекенибиздин ажайып жерлерине эс алууга  же күнөстүү өлкөлөргө саякатка жөнөп жаткан маалда, MegaCom компаниясы байланыш сапатын жакшыртууга  жана каптоо аймагын кеңейтүүгө багытталган жумуштарды  жигердүү улантууда.

Заманбап базалык станцияларды орнотуу менен өлкөбүздүн түштүк аймагынын: Баткен облусунун Мырза-Патча, Ак-Суу жана Жеңиш айылдарынын жана Ош облусунун Таш-Короо, Кара-Кокту, Коммунизм жана Арал айылдарынын тургундары үчүн MegaCom  байланыш кызматтары жеткиликтүү болуп, ал эми төмөндөгү аймактарда түйүндү кеңейтүү жумуштары аткарылды:

Чүй облусу: Жал а., Калтар а., Плодовое а., Шалта ай., Кара-Жыгач а., Сары-Жон а., Военно-Антоновка а., Ленин а., Мыкан жана Садовое айылдары.

Ысык-Көл облусу: Корумду а., Чок-Тал а., Боз-Бешик а.

Жалал-Абад облусу: Төш а., Арал а., Аримжан а., Сакалды а., Кагазды а., Сары-Сыя жана Черемушки айылдары.

Ош облусу: Тамга-Терек а., Чакмак а., Коммунизм жана Арал айылдары.

Аракеттеги  базалык станцияларды талапка ылайык жаңылоого жана жаңыларын курууга да ишке ашырылып келет. Мындай майнаптуу иш-аракеттердин натыйжасында  Бишкек, Ош, Балыкчы жана Жалал-Абад шаарлары, жана да 30дан ашуун бир катар айыл-кыштактар 3,75G стандартындагы жогорку сапаттагы интернет менен колдонууда. Алардын катарына:

Чүй облусу: Ак-Сай а, Жетиген а., Тельман а., Рот-Фронт айылы жана   Кайыңды шаарчасы

Ысык-Көл облусу: Булан-Сөгөттү, Чок-Тал а., Корумду а. жана  Боз-Бешик а.

Талас облусу: Жоон-Дөбө а., Куру-Маймак а., Суулу-Маймак а., Арал а., Сөгөт а., Өзгөрүш а., Боо-Терек а.,  Миң-Булак, Кара-Суу а. жана Ак-Жар а.

Нарын облусу: Кызыл-Дөбө

Жалал-Абад облусу: Канжыга жана  Сузак а.

Баткен облусу: Лангар а., Ак-Терек а.,  Боз-Адыр а., Кара-Токой а., Бужум а., Ак-Татыр а., Орто-Боз а., Көк-Таш, Үч-Дөбө жана Бужум айылдарын кошууга болот.

MegaCom өлкөбүздүн калктуу  аймагынын басымдуу бөлүгүн мобилдик байланыш менен камтуу менен, абоненттеринин мүдөөлөрүн жана кызыкчылыктарын көз жаздымда калтырбай келет.

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы