Перейти на новый сайт

Магомед Мусаев: «Спорт мүнөздү тарбиялайт жана рухту чыңдайт»

Магомед Мусаев: «Спорт мүнөздү тарбиялайт жана рухту чыңдайт»

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын Башкы өнөктөшү MegaCom мобилдик оператору «Инсандын таржымалы» долбоорун улантууда. Долбоордун максаты - 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен коомчулукту тааныштыруу. Бүгүнкү каарманыбыз – эркин күрөш стилиндеги Азия оюндарынан (2014-ж.) жана Азия чемпионаттарынын (2011-ж., 2015-ж., 2016-ж.) көп жолку күмүш байгесинин ээси. 2012-жылдагы Олимпиаданын катышуучусу (7-орунду алган) - Магомед Мусаев. Магомед өзүнүн тыгыз графигинен убакыт таап биздин бир нече сурообузга жооп берди.

 

Сиз кайсыл жерден болосуз?

Мен Казакстандан болом, бир нече убакыт Алма-Ата шаарында жашап, кийинчерээк Көкчө-Тоого көчүп барып ал жакта көп жашап калдык. Андан кийин Казакстандан Москвага көчүп бардык, ал жактан ЦСКнын клубунда машыктым. Андан кийин күрөш федерациясынын президентинен Кыргызстан үчүн чыгууга сунуш келди, мен макул болдум.

Спорт менен машыгууну канча жашыңызда баштадыңыз?

Мен 14-15 жашымда грек-рим күрөшү менен машыга баштагам, бирок бул менин балалык кыялым болчу. Ал кезде биздин мектепте күрөш секциясы бар эле күрөшүү мага абдан жакчы, бирок жаңы жерге көчүп барганда ал жакта мындай секция жок болуп чыкты. Бирок эркин күрөш бар экен, ошентип мен эркин күрөш менен машыга баштадым.

Кайсыл беттешүүңүз баарына эсте калаар болду?

Мындай беттешүүлөр көп болду, булар негизинен жыйынтыгы жагынан мага жакпаган беттешүүлөр. Баарынан 2008-ж. Лондондогу Олимпиада оюндарындагы беттешүүлөр менин эсимде калды. Ал кезде менин даярдыгым абдан жакшы болчу, бирок мен аны толук деңгээлде колдонбогонум менен беттешүүм эсте калган.

Ошол беттешүү үчүн өкүнөсүзбү?

Жок, мен өзүм үчүн мындан ары буга чейин болгон катачылыктарды кайталабайм деген тыянак чыгардым. Жакыны аралыкта менин экинчи жолу Олимпиадада чыгышым болот, өз катачылыктарымды оңдодум, келечекте аларды кайталабайм деген ойдомун.

Сиздин ар түрдүү деңгээлдеги таймаштарда катышуу боюнча чоң тажрыйбаңыз бар. Сиз өзүңүздү келечекте машыктыруучу катары көрөсүзбү?

Азырынча өзүмдү машыктыруучу катары көрө элекмин, эгерде чынын айтсам балким спорт министри болом (күлүп жооп берди). Машыктыруучу болуу бул абдан кыйын жана жооптуу. Албетте менин спорт боюнча билимим бар, бирок машыктыруучу сенин жөндөмдүүлүгүңдү көрөт жана мүмкүнчүлүктөрүңдү ачууга күчүн жумшайт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстан курамасынын негизги жана улук машыктыруучуларына – Руслан Маджиновго жана Сүймөнкул агайга ыраазычылыгымды билдирет элем. Алар жаш болгонуна карабастан өз ишинин чоң профессионалдары. Алар мага чоң жардам берип, менин мүмкүнчүлүктөрүмдүн ачылышына көмөк көрсөтүштү, мен аларга бул үчүн ыраазымын.

Кандай деп ойлойсуз спорт менен машыгуу үчүн шарттардын болушу маанилүүбү?

Бул жакта шарттар бар, жакынкы аралыкта Бишкекте жаңы күрөш залы ачылды, мен ал жакка барып машыгып көрдүм. Менимче атайын шарттардын деле кереги жок, баарынан керектүүсү бул эл аралык мелдештерде көбүрөөк чыгып, ар кандай атаандаштар менен беттешүүдө күчүңдү, техникаңды сынап, тажрыйба топтоо керек деп ойлойм. Буларды ишке ашыруу үчүн финансылык жардам керек. Бул жаатта MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча курама командасынын Лондондогу мелдешке баруусуна көмөк көрсөткөн жана жалпысынан айтканда компания спортко колдоого көрсөтүп келет. Бул үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет! Ал эми машыгуу үчүн көптүн деле кереги жок, жөн гана күрөш килеми керек деп ойлойм. Машыгуудан жыйынтык чыгышы үчүн жөнөкөй эле залда машыкса болот.

Жаш муунга акыл насаатыңыз менен бөлүшө кетсеңиз

Спорт быша элек жаш адамды, мүнөзү калыптанган жана максатына умтулган чыныгы инсан кылып тарбиялап чыгат. Спортто сөзсүз түрдө чыдамкайлык жана эмгектенүү керек.

Сиздин күйөрмандарыңыз ким жана жеңишиңизди кимге арнайсыз?

Менин күйөрмандарым эки эл – Кыргызстан жана Ингушетия, мен улутум боюнча ингушмун. Ошондуктан менде эки эсе жоопкерчилик бар.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы