Перейти на новый сайт
MegaCom Кыргызстандын олимпиадалык курамасына ак жол каалады!

MegaCom Кыргызстандын олимпиадалык курамасына ак жол каалады!

Кечээ, 26-июлда, MegaCom компаниясынын борбордук кеңсесинде КРдин Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын олимпиадалык курамасын Олимпиада-2016 оюндарына узатуу иш-чарасы болуп өттү. Олимпиадачыларды расмий узатуу программасынын алкагында жыйын өткөрүлүп, курама команданын башкы өнөктөшү тарабынан ишке ашырылган долбоорлор, олимпиадалык кыймылды жана спортчуларыбызды колдоо боюнча аткарылган иштер тууралуу кеңири баяндама жасалды.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, олимпиадалык лицензияга ээ болуу ар бир спортчу үчүн өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, бир жыл мурда уюлдук оператор менен КР УОКтун өкүлдөрү олимпиадалык кыймылды маалыматтык колдоо тууралуу макулдашкандыгын да эске сала кетти. «Өлкөбүздүн намысын коргогон ар бир олимпиадачыны мекендештерибизге жакындан тааныштырууну чечтик. Олимпиада кыймылынын бир  бөлүгү болуп, «Инсандын таржымалы» долбоорунун алкагында кыргызстандыктарды ата мекендик спорт жылдыздары менен тааныштыруу биз үчүн чоң сыймык. Бул максатта  PR чөйрөсүндө бир катар алгылыктуу иштер аткарылды, профессионалдык фотосессиялар өткөрүлүп, 2016-жылга эксклюзивдик календарь түзүлдү, видеороликтерди даярдап башкы телеканалдар аркылуу спортчуларыбызды көрсөтүп турууга мүмкүнчүлүк түздүк. Мекенибиздин аймагы боюнча олимпиадачыларыбыздын сүрөттөрү менен  жарнамалык орнотмолор жайгаштырылды. Оюндарга  жамы журтубуз күйөрман боло турган, Кыргызстан сыймыктана турган жана  жаштарыбыз үлгү ала турган татыктуу спортчуларыбыз катыша тургандыгы шексиз! Өз күчүңүздөргө ишениңиздер,талыкпаган эмгегиңиздердин акыбети кайтсын, жеңиш менен кайтыңыздар»,- деген каалоосун жолдоду А.Базаркулов.  

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык курамасынын Башкы катчысы Канат Аманкулов компанияга ыраазычылыгын билдирип, MegaCom компаниясы аркылуу кыргызстандыктар Олимпиада жаңылыктары менен өз учурунда кабардар боло алаарын баса белгилей кетти. Канат Аманкулов өз сөзүндө: «Быйылкы жылы олимпиадачыларыбыздын саны арбын, мынчалык сандагы спортчуларыбыз Пекиндеги Олимпиадада гана болгон. Анда курамабыз эки гана медал менен  кайткан болсо, бүгүнкү күндө  спортчуларыбызга Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык Комитети жана мамлекет тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп жатат. Бул спортчуларыбызды шыктандырып, аларга дем берет». Сөзүнүн жыйынтыгында Канат Аманкулов келечекте жемиштүү кызматташууга ишеним артканын билдирди.

MegaCom компаниясынын жетекчиси  учурда мобилдик оператор тарабынан Олимпиадалык оюндарды түз көрсөтүүгө даярдыктар көрүлүп жаткандыгын билдирди. Демек, жакын арада  кыргызстандыктар олимпиадалык эфирлерди өлкөбүздүн телеканалдарынын биринен реалдуу убакытта көрө алышат.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин спортчуларга белектер жана атайын кездемеден тигилген эксклюзивдүү футболкалар берилди. Футболкалардын бирине бардык олимпиадачылар колдорун коюшту, жакынкы аралыкта так ушул футболканы утуп алууга болот. Компаниянын facebook.cominstagram.comok.ru социалдык баракчаларындагы жаңылыктарын көз жаздымда калтырбаңыз!

MegaCom компаниясынын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына жазылып, онлайн-конкурстарга жана викториналарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз. Алдыңкы мобилдик оператордун фирмалык азембелектерин утуп алыңыз.

Айтмакчы, Кыргызстан олимпиадалык оюндарга спорттун алты түрү: күрөш, дзюдо, бокс, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика боюнча катышмакчы. Быйылкы жылы негизги дүйнөлүк спорттук биринчиликке 19 атлет аттанат (12 мырза жана 7 айым). Жайкы Олимпиадалык оюндар 2016-жылы август айынын 5инен 21ине чейин  Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы