Перейти на новый сайт

Тяпкин Илья: «Талыкпаган эмгек – бул эң жогорку талант»

Тяпкин Илья: «Талыкпаган эмгек – бул эң жогорку талант»

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен түзүлгөн кызматташтык алкагында, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлө турган Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган ата мекендик спортчулар менен тааныштырууну улантып келет. 8- майда Прагада (Чехия) эл аралык лицензиялык марафон (42 километр 195 метр) болуп өттү, бул иш чарага Илья Тяпкин катышып Олимпиадага катышууга өлкөбүз үчүн 13-лицензиясын утуп алды.

 

Мен Орусияда төрөлгөм, бирок бала кезимде эле Кыргызстанга көчүп келгем. Ошондуктан Кыргызстан – бул менин Мекеним, мен өлкөмдү жаныман артык көрөм жана өлкөбүздү дүйнөгө таанытууну эңсеп келем. Менин бала чагым кичинекей, бирок жашаганга абдан жайлуу болгон Кара-Балта шаарында өткөн. Ар дайым өзүмдү сергек сезүү үчүн 18 жашымда спорт менен машыгууну чечкем. Сууда сүзүп дагы кошумча чуркоо менен машыга баштадым. Жыйынтыгында машыккан спорттун экинчи түрүнө тандап. Чуркоого көңүл коюп Абрамов Вячеслав Васильевичтин жетектөөсүндө машыга баштадым. 3 жыл өткөн соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырдым, ал жактан бүгүнкү күнгө чейин мени, атагы алыска жеткен Борисов Виктор Федорович машыктырып келет.

Сиз профессионал спротчу үчүн чуркоо менен кечирээк курагыңызда машыга баштаганыңыздан кыйынчылык тартып келбейсизби?

Албетте, адамдар өздөрүн жаш тайынан тарта спортко арнап, бала кезинен атайын курстарга же мектептерге барууга чоң маани бөлүп келет. А мен болсо спортко 18 жашымда келдим. Биринчи маалда мен кандайдыр бир кыйынчылыктарды тартып келдим. Бирок талыкпаган эмгек кылуум, машыгуум жана күн сайын өзүм менен иш алып баруум менен өзүмдүн көрсөткүчтөрүмдү жакшырттым. Мен мындай деп ойлойм, ар бир адам каалаган курагында чуркоо менен машыга алат. 40 жаштан кийин спортко келип эл аралык марафондордо жеңиштерге жеткен адамдар тууралуу окуялар аз эмес. Адамдын курагы эч качан чектөө эмес, чыныгы чектөө – бул жалкоолук.

Жашооңузда кайсыл мелдешиңиз эсте калаар болду?

Мен үчүн эсте калаар мелдеш бул өткөн жылы Омск шаарында болгон эл аралык марафон болду. Ал марафонго Кыргызстандан Мария Карабицкая жана мен экөөбүз барганбыз. Бизди эч ким деле эсепке алган эмес жана биздин дүйнөлүк масштабдагы спортчуларга атаандаштык түзөөрүбүздү эч кимиси күткөн эмес. Албетте марафондун алдыңкылары Африкалыктар болду, анткени алар марафондук чуркоодо күчтүү спортчулардын бири болуп келет. Жыйынтыгында мен татыктуу экинчи орунду, ал эми Мария болсо үчүнчү орунду ээледи. Биз өлкөбүздүн намысын коргоп, баардыгына Кыргызстан – бул күчтүү спортчулар мекени экенин билдирдук.

Келээрки Олимпиадага даярдык андай жүрүп жатат?

Ош жана Жалал-Абад облустарына 26 күн машыктык. Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан Ноокат районуна караштуу Кара-Кой айылында 16 күн машыктык. Тоолуу жерде чуркоо – бул эки эселик чыңалууну жаратат ал өз учурунда чыдамкайлыкты өрчүтүүгө жардам берет. Калган 10 күнү биз машыктыруучубуздун кичи мекени Жалал-Абад шаарында машыктык. Рио-де-Жанейрого кетээр алдында Каракол шаарында негизги жыйын болот, жыйында биз машыгууга көңүл буруп келээрки негизги төрт жылдыктын оюндарына даярдык көрөбүз. Мындай жооптуу күндөрдө мекендештердин колдоосу чоң мааниге ээ. MegaCom даярдаган биз тууралуу жарыкка чыккан маалыматтын, видеороликтердин, баннерлердин жардамы менен көптөгөн адамдар Олимпиадада өлкөбүздүн намысынын коргой турган спортчулар тууралуу кабардар болушту. Бизге күйөрмандар колдоо жана ийгилик сөздөрүн жазып келет, бул бизге күч кошуп дем берет.

Жаңыдан спорт дүйнөсүнө баш багып жаткандарга кандай кеп-кеңешиңизди берет элеңиз?

Менин спорттогу карьерам башталган Кара-Балтадагы манеждеги дубалда жазылган: «Талыкпаган эмгек – бул эң жогорку талант» деген сөз мен үчүн девиз болуп калган. Албетте ийгиликке жетүү үчүн талант керек, бирок талыкпаган эмгек чоң ийгикке жеткирээри анык. Ошондуктан жаңыдан спорт дүйнөсүнө баш багып жаткандарга менин айтаарым – эмгектенүү, эмгектенүү жана дагы бир жолу эмгектенүү.

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • Планер

    кызматы