Перейти на новый сайт

MegaComдон 4G LTE менен Ысык-Көлдөгү эс алуудан ыракаттаныңыз 

MegaComдон 4G LTE менен Ысык-Көлдөгү эс алуудан ыракаттаныңыз 

Кыргызстандын бермети болгон – Ысык-Көл жээгиндеги эс алган миңдеген туристер жана эс алуучулар MegaComдон жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдоно алышат. Анткени MegaComдун төртүнчү муундагы 4G LTE технологиясы эми белгилүү курорттор, пансионаттар жана эс алуу борборлору жайгашкан Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттү, Бактуу-Долонту, Кара-Ой, Чок-Тал жана Бает айылдарында колдонууга жеткиликтүү.

Каалаган сайттар, белгилүү колдонмолор, социалдык түйүндөрдөгү баракчалар, кызыктуу видеороликтер, жогорку сапаттагы тасмалар жана сүйүктүү музыка – мунун баардыгы 4G түйүнүн жардамы менен саналган секундалар ичинде жүктөлөт. *460 акысыз буйруусун терип 4G түйүнүнө азыр кошулуңуз жана Ысык-Көлдөгү эс алууңуздун эстен кеткис көз ирмемдери, кооз сүрөттөрүңүз жана социалдык тармактардагы көңүлдүү билдирүүлөрүңүз менен көз ачып жумганча бөлүшүңүз.

Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин уюлдук телефонуңуз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан “SIM-картаңызды алмаштырыңыз” деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет. Кошумча маалыматтар, көп берилүүчү суроолорго жооптор жана интерактивдүү карта 4g.megacom.kg сайтында.

MegaComдон 4G LTE менен Ысык-Көлдөгү эстен кеткис жайды өткөрүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon