Перейти на новый сайт
Зарина Жусупова: «MegaComдо ар дайым жаңы нерселер ишке киргизилет»

Зарина Жусупова: «MegaComдо ар дайым жаңы нерселер ишке киргизилет»

MegaCom компаниясында, мекеме түптөлгөн күндөн тарта иштеген кызматкерлери менен маек куруусун жарыкка чыгаруусу улантууда. Телекоммуникация базарындагы алдыңкылардын бири болгон компанияда эмгектенүү кандай – деген суроого 10-жылдан бери жөнөкөй эмес, бирок абдан кызыктуу чөйрөдө, каржылык жаатында эмгектенип келген бухгалтер-кассир Зарина Жусупова жооп берди.

Курбу кызым экөөбүз жумуш орундары тууралуу тааныштарыбыздан билдик. Ал күндөр кечээ эле болгондой сезилет. Биз 28 июлда таржымалдарыбызды жөнөттүк, андан көп өтпөй 4 августта жөнөкөй кассир катары жумушка кириштик. Биринчи эле жумуш күнүбүз 4 август чоң иш чара - Vefa Center соода борборунда жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун ачылышы менен коштолду. Иш чарага баардык мүдүрлөр, компаниянын жетекчилери катышты жана абдан көп сандагы кардарлар келишкен, мен ошондо абдан толкундангам. Мен кардарлардан төлөм кабыл алып, кеп кеңешти жана белектерди берип жаттым, жумуштун шаттык маанайда өтүүсү мага абдан жакты.

Баарынан эсте калаары эмне болду?

Сынактык мөөнөт 3 айга созулган, менин коркунучта болгонум бул мөөнөт өткөн соң мени жумушка албай койсо эмне болот дегеним. Эки айдай жумуштун жүрүшүн үйрөнүп жаттым. Ошол убакытта жаңы тариф ишке кирген, мен абоненттерге кандай тариф ыңгайлуу болоору тууралуу кеңеш берүүм жана тарифтөөнү билишим керек эле. Абоненттердин суроо талаптарына ылайык ыңгайлуу тариф, опция жана кызматтын айкалышын эсептеп чыкчымын.

MegaComдо 10 жыл эмгектенүүңүз сизге кандай пайда алып келди?

MegaComдо 10 жыл эмгектенүүм – бул инсан катары жана карьералык өсүүм жана айланага болгон көз карашымдын өрчүп өсүүсү болду. Эң негизгиси – компанияда иштеген жылдары кесиптештеримдин арасынан сырдаша турган чыныгы досторду таптым.

Эмне үчүн бул жерде иштегиңиз жана өсүүңүз келет?

Биринчиден, мен бул жерден жакындарымды таптым жана өзүмдү башка компанияда иштегенимди элестете албайм. Бул жерде мен үчүн баардыгы жакындарым. Экинчиден, MegaComдо кызыктуу жана ар дайым жаңы нерселер ишке киргизилип турат.

Эгерде убактылуу түрдө компаниянын башка бөлүмүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк болсо, кайсыл бөлүмдө өз күчүңүздү сынап көрөт элеңиз жана эмне үчүн?

Мен өз күчүмдү биллинг бөлүмүндө сынап көрсөм дедим эле, ал бөлүм абоненттерге эсептерди чыгарып берүүгө жана төлөмдөрдү иштеп чыгууга жооптуу. Менимче бул абдан татаал иш, ошондуктан менин кызыгуумду арттырып келет.   

Сиздин жумушуңузда сизге баарынан эмне жагат?

Жумушумдун ар түрлүү адамдар: кесиптештер, кардарлар, жеткирип берүүчү ж.б. менен таанышууга жана баарлашууга мүмкүнчүлүгү болгону мага жагат.

Сиздин көз карашыңызда компаниянын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Менин көз карашым боюнча ар бир кызматкерге керектүү сапаттар – бул көшөргүчтүк, жоопкерчиликтүүлүк, чыдамкайлык жана эмгектенүүгө болгон каалоо.

MegaCom сиз үчүн бул эмне?

MegaCom мен үчүн бул туруктуулук, эртеңки күнгө болгон ишенимдүүлүк жана экинчи үйүм, анткени жашоомдун көп бөлүгүн жумушта өткөрөм.

MegaComдун 10 жылдыгына карата сиздин каалооңуз

Менин сүйүктүү компанияма №1 мобилдик компания болуп кала берүүсүн, мындан дагы көп сандагы абоненттерди жана кызыгуу жараткан тарифтердин көп болушун каалайм.

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Мобилдик которуу»

    кызматы