Перейти на новый сайт
MegaCom:  жогорку ылдамдыктагы 4G LTE эми Ысык-Көлдө!

MegaCom:  жогорку ылдамдыктагы 4G LTE эми Ысык-Көлдө!

Эми, Ысык-Көлдөгү эс алууңуздун эстен кеткис көз ирмемдери, кооз сүрөттөрүңүз жана социалдык тармактардагы көңүлдүү билдирүүлөрүңүз менен көз ачып жумганча досторуңуз менен бөлүшүп, көл жээгиндеги кечелер үчүн бүйүрдү кызыткан музыкаларды жүктөп, бейпил кечте сүйгөн тасмаларыңызды, сериалдарыңызды, кызыктуу видео-роликтерди көрө аласыз. Ушулар эле дейсизби? Мындан тышкары, мезгилден артта калбай, дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп маалыматтык сайттарды окуганга да мүмкүнчүлүк бар. Мындай мүмкүнчүлүктү Сизге MegaCom  4G LTE түйүнү тартуулайт.

Сөзүбүзгө аралжы,  аптаптуу жайды утурлай MegaCom төртүнчү муундагы 4G LTE технологиясын Ысык-Көл аймагында  ишке киргизди. Бул жогорку ылдамдыктагы технология көл кылаасындагы  ири жана популярдуу курорттор, пансионаттар жана эс алуу борборлору орун алган Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттү, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой, Чок-Тал жана Бает айылдарынын отуз миңден ашуун жашоочусун камтыды. Кыргызстан берметинин жээгинде эс алууну каалаган  миңдеген коноктор дагы  MegaCom’дун жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетинен колдоно алышат.

Аны кантип колдонсо болот?

  • MegaCom’дун 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын кошоордун алдында сиздин уюлдук телефонуңуз жана SIM-картаңыз LTE’ни  колдоорун алдын ала текшерип алыңыз.
  • *460 бекер буйруусун териңиз.
  • Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан “SIM-картаңызды алмаштырыңыз” деген жооп келсе, Ысык-Көл аймагындагы Сиз жүргөн жерге жакын жайгашкан MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө фирмалык салонуна кайрылыңыз. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

Эске сала кетсек, компания  сунуштаган  4G LTE  Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында, аны менен катар Чүй облусунун Ново-Покровка айылында жеткиликтүү болчу. Эми, бул мүмкүнчүлүктөн Ысык-Көл дагы пайдалана алат.

Кошумча маалыматтар, көп берилүүчү суроолорго жооптор жана интерактивдүү карта 4g.megacom.kg сайтында.

MegaCom’дон 4G LTE  -бул Ысык-Көлдөгү эстен кеткис жайкы эс алуу!

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы