Перейти на новый сайт
MegaCom  мини-футбол боюнча Кубоктун ээси

MegaCom  мини-футбол боюнча Кубоктун ээси

MegaCom жамааты байланыш жаатындагы ийгиликтери  менен  гана эмес, спорттогу жетишкендиктери  менен да   сыймыктанып келгендиги бекеринен эместир. Компанияда  кесипкөй адистер гана эмес, мыкты спортчулар да  эмгектенгенишет. Сөзүбүзгө аралжы, мобилдик оператордун курама командасы Радио жана байланыш күнүнө карата КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан уюштурулган турнирде жеңишке жетишти. Футболдук беттешүүлөр  13-14-майда Бишкек шаарындагы Асанбай кичирайонунун мини-футболдук талаасында өткөрүлдү.

Турнирге телекоммуникация чөйрөсүндө эмгектенген 8 компаниянын: MegaCom, Beeline, O! Уюлдук операторлорунун, «Кыргызтелеком» ААКтын, КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Радиорелейлик магистралдардын, телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР), Электроника жана телекоммуникация институтунун курама командалары  жана ардагер байланышчылардан куралган «Ребята» тобу катышты.  MegaCom курамасынын мүчөлөрү: Олег Гевленко, Тилек Сулайманбеков, Зураб Велибеков, Азиз Оморов, Аман Үсөнов, Фархат Матеев, Жакшылык Сүйналиев жана  Аман Асылбековдор өз компаниясынын намысын колдон чыгарбай, мыкты оюн көрсөтө алышты.

Биринчи оюнда MegaCom командасынын футболчулары  «Кыргызтелеком» ААКтын курамасы менен беттешип атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңсе, андан кийинки «Ребята» курамасы менен болгон беттешүүдө 8:3 эсебинде жеңишке жетишти. Үчүнчү оюнда  болсо, мобилдик оператордун командасы байланыш агенттигинин курамасын  4:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда, Beeline командасынын спортчулары менен болгон оюнда, мегкомчулар  4:3 эсебиндеги жыйынтыкты көрсөтүү менен кайрадан жеңишти  багындырды. Финалда MegaComдун жана Байланыш агенттигинин курамалары беттешип, бул оюндун да  мега-команда үчүн жемиштүү болгондугун 4:2 эсебинен көрүнүп турат. Мындан тышкары, MegaCom компаниясынын кызматкери  - Олег Гевленконун турнирдин мыкты оюнчусу болуп  табылгандыгы да кубандырбай койбойт.

MegaCom  спорт жана  дени сак жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы