Перейти на новый сайт

MegaCom: «Улуу  Жеңиш!»  акциясы  уланууда

MegaCom: «Улуу  Жеңиш!»  акциясы  уланууда

 

MegaCom абоненттери  Улуу  Ата  Мекендик согуштун ардагерлерин колдоого өз салымдарын кошо алышат. 2016-жылдын  6-апрелинен тарта жыл сайын өткөрүлүүчү   «Улуу  Жеңиш!»  акциясы аракетте.

Акция алкагында 1945 кыска номуруна каалагандай текст менен  SMS жөнөтүп, бизге ачык асманды, эркиндикти жана  бакубат жашоону тартуулаган ардагерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 20 сом (бардык салыктарды эсептегенде) которо аласыз.

Мындай SMS-марафон уюлдук оператор тарабынан 5 жыл катары менен өткөрүлүүдө. Күндөн -күнгө саны азайып, саамайларын ак бубак аралаган карыяларыбыздын жашоосуна кайдыгер карабаган  MegaCom абоненттери бул иш-чараны көз жаздымда калтырбай келишет. Абоненттер тарабынан топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын тизмеси боюнча бөлүнөт жана ар бир ардагердин өз колуна тапшырылат. 2015-жылдагы акциянын жыйынтыгына токтоло кетсек, 1945 номуруна жөнөтүлгөн  смс-билдирүүлөрдүн саны элүү миңден ашып, натыйжада салыктарды эсепке албаганда  924 068 сом суммасындагы акча каражаты топтолгон.

Мындан тышкары,  MegaCom  жеке  бюджетинин эсебинен республика боюнча колдоого алынган 1000 ардагердин ар бирине 2000 сомдон  берип, катаал жолду басып өткөн каармандарыбыз жана оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн  концерт уюштуруп, мекенибиздин аймагында  «Жакындарына чалуу» жана «Полктошторго чалуу» деген аталыштагы акысыз байланыш линияларын уюштурмакчы.

Сунушталган кызматтар

  • Планер

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы