Перейти на новый сайт
MegaCom кесиптештерин Радио жана байланыш күнү менен куттуктайт!

MegaCom кесиптештерин Радио жана байланыш күнү менен куттуктайт!

 

MegaCom маалымат технологиялар тармагында эмгектенген бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы – Радио жана байланыш күнү менен куттуктайт.  

Кыргызстанда жыл сайын  7- майда белгиленүүчү бул күн жеке эле байланыш кызматкерлеринин эмес, радио, телеберүү,мобилдик түзмөктөргө байланыштуу чөйрөдө эмгектенгендердин майрамы. Жашоодогу эң негизги сөздөрдү айтуу, сүйүктүү адамдарыңдын үнүн угуу, жакындарың менен жагымдуу сезимдериң менен бөлүшүү, бүткүл дүйнө менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн дал ушул ардактуу кесиптин ээлери тартуулашат. Технологиялар тынымсыз өнүгүп жаткан мезгилде өз жашообузду маалыматсыз элестете албайбыз. Байланыш тармагын заман талабына шайкеш келтирүүгө канчалык зор эмгек талап кылына тургандыгын айтпаса да белгилүү эмеспи.

Урматтуу кесиптештер, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден  куттуктайбыз. Түйшүктүү ишиңиздер ийгиликтер менен коштолуп, жетишкендиктер мол болуп, тоскоолдуктар жок болсун!

Ар дайым байланышта,

MegaCom командасы

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы