Перейти на новый сайт

MegaCom: «Улуу Жеңиш!» акциясы быйыл дагы өткөрүлүүдө

MegaCom: «Улуу Жеңиш!» акциясы быйыл дагы өткөрүлүүдө

MegaCom компаниясы маалымдагандай, 2016 -жылдын 6- апрелинен тарта  «Улуу  Жеңиш!» акциясы кайрадан башталды. Акция тууралуу учкай кеп сала кетсек,  ал Улуу Жеңиш Күнүн эсинен чыгарбай, каардуу согушту башынан кечирген аталарыбыздын каармандыгына таазим этүүнү каалагандар үчүн уюштурулуп келет.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоого өз үлүшүңүздү кошууну кааласаңыз, 1945 кыска номуруна каалагандай текст менен SMS жөнөтүү жетиштүү. Бир SMS наркы бардык салыктар эсепке алынгандан кийин  20 сомду түзөт. Жылдан-жылга катарлары суюлуп бара жаткан ардагерлерибиз каардуу согушта канын, жанын аябай салгылашып, бизге бейпил турмушту  тартуулашкан.

Мобилдик оператор бешинчи жыл катары менен аталган  SMS марафонду өткөрүп келет.

Согуш каармандарынын эрдигине кайдыгер карабаган MegaCom абоненттери тарабынан топтолгон акча каражаты, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет тарабынан берилген тизмеге ылайык ардагерлерибиздин бардыгына бирдей суммада таратылат. Маселен, 2015-жылы компаниянын абоненттери 1945 номуруна элүү миңден ашуун  SMS жөнөтүшүп, жогорку мекенчилдик  сезимдерин жана улуу муунга таазим кылуу үлгүсүн көрсөтө алышкан. Жыйынтыгында ардагерлерге 924 068 сом (салыктар кармалгандан кийин) суммасындагы жардам көрсөтүлгөн. MegaCom компаниясынын кызматкерлери акча каражатын ардагерлердин өз колдоруна тапшырышкан. Бул тууралуу баяндамалар ММКда жана компаниянын расмий сайтында жарыяланып келет.

Мындан тышкары, MegaCom адаттагыдай эле 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата республика боюнча колдоого алынган 1000 ардагерге өз каражаттарынын эсебинен  2000 сомдон бөлүп берет. Согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери үчүн майрамдык концерт жана  өлкөбүздүн бардык аймактарында “Жакындарына чалуу” жана “Полктошторуна чалуу” акысыз байланыш линиясын уюштурулмакчы. 

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы