Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргызстандын хоккейчилерин жеңиши менен куттуктайт!

MegaCom Кыргызстандын хоккейчилерин жеңиши менен куттуктайт!

 

Хоккей боюнча  Кыргызстандын  улуттук курама командасы Азия-2016 Азия чакырыгынын кубогунда 1-орунга ээ болуп, Азия  чакырык  Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алды. 

Эске салсак, турнир  9-апрелден 14-апрелге чейин Бишкек шаарындагы Шаардык музайдыңында өткөн. Кыргызстан, Индия, Катар, Малайзия жана Макао өлкөлөрүнүн хоккейчилери катышкан турнирде кыргызстандык оюнчулар бардык төрт оюнду жалпы эсеп менен алганда 37:7 эсебинде утуп баш байгеге татыктуу болушса, күмүшкө Малайзия курамасы, коло медалга Макаонун хоккейчилери ээ болушту.

 

MegaCom 4G-оператору шайбалуу хоккей боюнча Азия чакырыгынын кубогунун башкы өнөктөшү катары кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүп, турнирдин байге фондуна өз салымын кошту. Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчалары аркылуу өткөрүлгөн конкурстарга катышкан абоненттер музайдыңдагы беттешүүлөргө  билеттерди утуп алып жатышты.

MegaCom Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кайдыгер карабастан, улуттук спорттук оюндарды, турнирлерди, чемпионаттарды өткөрүүгө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келет. Көптөгөн спорттук телеберүүлөрдү түз көрсөтүүнү уюштурууда да өлкөбүздүн ири мобилдик операторунун кошкон салымы чоң.

 

MegaCom –  спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы