Перейти на новый сайт

MegaCom тарабынан  жыл сайын өткөрүлүүчү «Улуу  Жеңиш!» акциясынан четте калбаңыз

MegaCom тарабынан  жыл сайын өткөрүлүүчү «Улуу  Жеңиш!» акциясынан четте калбаңыз               

MegaCom компаниясы үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү   салтка айланып калгандай. Уюлдук оператор кезектеги жолу  «Улуу  Жеңиш!» акциясынын башталгандыгы тууралуу маалымдайт. Акцияга  Кыргызстандын жалпы аймагындагы бардык абоненттер катыша алышат.

1945 номуруна каалагандай текст камтылган SMS жөнөтүү менен Сиз дагы согуш ардагерлерин колдоого өз баалуу салымыңызды кошо аласыз. Бир SMS жөнөтүүнүн наркы –20 сом (бардык салыктарды эсепке алуу менен). Мындай кадам- согуш майданында жанын аябай салгылашып, бизге бүгүнкү бейпил турмушту тартуулаган аталарыбызга билдирген ыраазычылыгыңыз.  

Мобилдик оператор бешинчи жыл катары менен бул  SMS марафонду уюштуруп келет. Согуш каармандарынын эрдигине кайдыгер карабаган MegaCom абоненттери тарабынан топтолгон акча каражаттары ардагерлерибиздин бардыгына бирдей суммада таратылат. Маселен, 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70жылдыгына карата компаниянын абоненттери 1945 номуруна элүү миңден ашуун  SMS жөнөтүшүп, жогорку мекенчилдик  сезимдерин жана улуу муунга таазим кылуу үлгүсүн көрсөтө алышкан. Жыйынтыгында ардагерлерге 924 068 сом (салыктар кармалгандан кийин) суммасындагы жардам көрсөтүлгөн.   

Мындан тышкары, MegaCom адаттагыдай эле 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата республика боюнча колдоого алынган 1000 ардагерге өз каражаттарынын эсебинен  2000 сомдон бөлүп берет. Согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери үчүн майрамдык концерт жана  өлкөбүздүн бардык аймактарында “Жакындарына чалуу” жана “Бир полкто кызмат өтөгөн досторго чалуу” акысыз байланыш линиясын уюштурулмакчы. 

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы