Перейти на новый сайт

«Байланышта» кызматынын шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу

Урматтуу абоненттер, 
«Байланышта» кызматына байланыштуу компаниянын дарегине келип түшкөн суроолор боюнча төмөндөгүнү маалымдайбыз: аталган кызматты мурдагыдан ыңгайлуу шартта көрсөтүү максатында ар бир калтырылган билдирүүнү угуу үчүн алынуучу төлөм (угуу мүнөтү 1 сом) жоюлуп, күнүнө 1,17 сом болгон  абоненттик төлөм киргизилди.

Кызмат мобилдик жеткини жогорулатуу үчүн түйүндөгү активдүү колдонуучуларга гана кошулган. Кошуу учурунда абоненттерге смс-маалымдоо жөнөтүлгөн. Кызматты кошуу абоненттик келишимге ылайык ишке ашырылган.

 «Байланышта» кызматы бир катар ыңгайлуулуктарды өз ичине камтыйт. Ал аркылуу бир да маанилүү чалууну өткөрүп жибербейсиз, кабыл алынбаган чалуу тууралуу кабардар болуп турасыз жана үн почтасы дайыма Сиздин кызматыңызда болот.

Абоненттик келишимдин шарттарына жана КР Өкмөтүнүн 17.02.14-жылдагы №97 Токтому менен бекитилген Зымсыз  радио телефондук байланыш кызматтарынын эрежелерине  ылайык, кызматтын төлөм шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүү, ММКга жайгаштыруу аркылуу, абоненттерге 2016-жылдын 15-мартында маалымдалган.

Кызматтардын жаңы түркүмүн сунуштоо максатында жана  кызматтардын, жаңы опциялардын тынымсыз өнүгүүсүнө байланыштуу  шарттар өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эгерде Сиз кызматты өчүрүүнү кааласаңыз, *970*0# USSD - буйруусунан пайдалана аласыз.

Түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Урматтоо менен, MegaCom компаниясы

Сунушталган кызматтар

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы